Ак-Талаада илдеттен акыркы жаран сакайып чыкты

3 Сентябрь 2020 жыл 10:03
Количество просмотров: 45

2-сентябрда Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканадан пневмония менен жабыркаган акыркы бейтап сакайып чыкты. Бейтапты дарыгер жана медайымдар жакшы каалоо-тилектерин билдирип узатышты.

Аймактык оорукананын мед кызматкерлери бейтапты куттуктоо учуру

Гүлзура Чолпонбаева (Солдо) аймактык оорукананын директору жана медкызматкер сакайып чыгып жаткан бейтап менен

Өлкөдө таажы вирусу башталгандан бери бүгүнкү күнгө чейин 173 бейтап аймактык ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 55 жарандан COVID-19 илдети аныкталса, 118 жаран пневмония менен ооруп дарыланды. Район боюнча 169 жаран илдеттен айыгып, 4 жаран каза болгон.

К.Карагулова Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова:

“ Медицина кызматкерлеринин күч-аракети менен акыркы бейтап бүгүн сакайып, үйүнө чыгып кетти. Райондогу күндүзгү дарылоочу жайлардын баары жабылды. Буюрса абалыбыз жакшы. Экинчи мындай илдет менен жабыркагандар, жакындарын жоготкондор болбосун. Бирок баары бир кайда болбосун санитардык талаптарды аткаруубуз керек” дейт.

Эске салсак, Ак-Талаа районунда COVID-19 үстүбүздөгү жылдын 14-майында катталган болчу.

Таажы вирусу адам үчүн коркунучтуу бойдон калууда. Андыктан эрежелерди сактап, оорунун алдын алуу маанилүү.
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь