Түшүндүрүү иштерине карбастан айыл жеринде санитардык эрежелер сакталбай жатат

19 Ноябрь 2020 жыл 10:04
Количество просмотров: 42

Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ковид-19 илдетин алдын алуу, санитардык нормаларды, карым-катышта аралыкты сактоо боюнча тиешелүү адистер менен бирге калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Базарларда, соода борборлорунда, калкты тейлөөчү мекемелерде сатуучулардан дагы тиешелүү талаптарды сактоо талап кылынууда.

Райаким Сейтек Кулубаев (ондон солго биринчи) тиешелүү кызматкерлер менен түшүнүдүрүү иштеринде

Райондук базардын ичи

 

Акимдин орун басары Кенже Карагулова мекемелерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Райкимдин орун басары Кенже Карагулова санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүнүдүрү иштерин жүргүзүүдө

 

Бирок түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканына карабастан, айыл тургундары тарабынан санитардык талаптар тиешелүү денгээлде сакталган жок. Баетов айылынын тургуну, жеке ишкер Кайыркүл Абдыкадырова: “Өзүбүз беткап тагынып, санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылабыз. Анткени кечке базардабыз, кардарлар менен байланышта болобуз. Өзүбүздүн жана үй-бүлөбүздүн саламаттыгын үчүн өзүбүз жоопкербиз, ден-соолук жана жашоо өзүбүздүкү. Чынында көпчүлүк илдетке маани бербей жатабыз”,-дейт.

Акимдин орун басары Кенже Карагулованын маалыматына караганда, калкка түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Ал эми соода жайларын, тейлөө мекемелерин кыдыруу белгиленген нөөмөткө ылайык жүргүзүлүп турат. Мүмкүн болушунча ооруну жайылтып жибербей алдын алуу үчүн аракеттер жер-жерлерде көрүлүп жатат.

Коомдук жайларда, той-аштарда сакталуучу эрежелер менен бул жерден таанышып алыңыз.

 

Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь