Зарыл болбосо карым-катышты азайта турсак…

11 Октябрь 2020 жыл 12:57
Количество просмотров: 41

Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күтүүсүз кырдаалдар үчүн 303 койка даярдалган. Керектүү дары-дармектер, антисептик каражаттар, коргонуучу кийимдер жана башка зарыл медициналык каражаттар менен жетиштүү камсыз болгон.

Коргонуучу кийимдер

Дары-дармектер

Дардалган койкалар

Ак-Талаа районундук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын айтымында өткөн жумада пневмония менен 3 жаран катталган. Абалы туруктуу. Учурда экинчи анализдерин тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатышат.

“Албетте илдет күчөп кетпесин. Бирок даяр турушубуз керек.  Илдетке ишенич жок. Ошол себептүү райондун аймагында санитардык талаптарды сактоо, илдетти алдын алуу максатында соода түйүндөрү, базар жана башка коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эгер зарылдыгы жок болсо жарандар коомдук жай, аш-тойлорго барбай, карым-катышты азайта турушса жакшы болот эле. Ар бирибиз өзүбүздүн ден-соолугубузга кам көрсөк гана илдетти алдын алабыз”,- дейт.

Азыркы мезгил күздөн кышка алмашып, күн сууктап барткандыктан сасык тумоо жүрүп жатат. Бизге белгилүү болгондой илдеттин сасык тумоо менен белгилери окшош болгондуктан өз алдынча дарыланып, үйгө жата бербеш керек. Дароо дарыгерге кайрылуу керек.

 

Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь