Тогуз-Торо райондук ооруканага демөөрчүлөр тарабынан кычкылтек станциясы курулду

3 Сентябрь 2020 жыл 13:03
Количество просмотров: 59

Тогуз-Торо райондук оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнө Мирдин Мукашев жана Куштарбек Орозовдун демилгеси жана каржылоосу менен кичи кычкылтек станциясы курулду. Кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппараттан 11 бейтап кычкылтек ала алат.

Дарыланып жаткан бейтаптарга кислород жеткирип берүү үчүн түтүкчөлөрдү жана бардык шаймандары менен камсыз кылып беришти

 

“Тилектеш Эл” коомдук бирикмесинин мүчөсү Берадор Мурзапайызов төмөнкүлөргө токтолду:

“Пандемия учурунда  жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткан 6 палатага, 11 бейтапка жеткидей, кычкылтек түтүкчүлөрү киргизилди. Бардык жабдыктар менен жабдылды. Көмөк көрсөткөн Мирдин Мукашев жана Куштарбек Орозов агалабызга район элинин атынан ыраазычылык билдиребиз”.

Аткаруу жагы «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан аткарылды.

 

Иш-чара «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан аткарылды

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси Тогуз- Торо районунда пандемия учурунда элге жардамдарды берип жатышты. Жакында бул уюм дарыгерлердин көңүлүн көтөрүү үчүн эстелик сүрөт тартып, дарыгерлерге гүл сунушту.

 

Анара Мааметова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь