Салттуу окутуу балдардын саламаттыгына таасир эткен жок

18 Декабрь 2020 жыл 20:56
Количество просмотров: 66

Ак-Талаа районундагы мектептерде салттуу окуу башталгандан бери балдар арасында ооруп кайрылгандар болгон эмес. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гулнара Нуркемелова билдирди.

Гүлнара Нуркемелова- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери

Дарыгердин маалыматына караганда салттуу окуу башталгандан бери күндүзгү дарылоочу жайга мектеп окуучулары кайрылган эмес.
«Кулак оорусу менен дарыгерге бир гана окуучу кайрылды.  Азыр эми кыш мезгили болгондуктан мезгилдүү сасык тумоо кармашы мүмкүн. Бирок кооптонуунун кажети жок»,- дейт.

Окуучулар эрежени сактоо менен билим алып жатышат

Ал эми Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинеттин башчысы Чынар Сатындиева окуучулардын катышы мектептерде жакшы экенин билдирди:

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинеттин башчысы Чынар Сатындиева

«Учурда райондо 10 мектепте окутуу толук салттуу режимге өттү. Ал эми 8 орто мектепте 1,5,9,11-класстар окуп жатышат. Мектептерде санитардык эрежелерди жана социалдык аралыктарды сактоого, окуучулар жана мугалимдердин ден-соолугунун коопсуздугу үчүн болгон аракеттер жумшалып жатат. Күнүгө окуучулардын катышы, ден-соолугу көзөмөлгө алынып жатат. Окуучулардын катышы жакшы»,- дейт.

Untitled chart
Infogram

Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь