Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы?

3 Октябрь 2020 жыл 20:33
Количество просмотров: 54

Өлкөбүздө коронавирус толугу менен жок боло элек. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн жана өзгөнүн саламаттыгы үчүн санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы деген суроо менен айыл тургундарына кайрылдык.

Куу-Майдан айылынын тургуну Зарипахан Муратова эч кандай эрежелер сакталбай жатканын айтты:
«Эл пандемия эмне экенин деле унутуп койду. Эч кандай эреже сактоолор жок. Карантин учурунда бири-бирибизден чочулап беткап тагып, аралыкты сактап калдык эле бирок азыр эл аны унутту», — дейт.

Зарипахан Муратова

«Элдер маска такпай жатат жана аралык сакталган жок. Той- топур көп, жолугушуулар, базарга түшкөн элдер, чайканаларда эл, депутаттардын жолугушуулары бардык жерде эле топтолуп жүрүшөт»,- дейт айыл тургуну Гүлсана Закирова.

Гүлсана Закирова

Асилкан Абжалиева: «Өз айылыңдын жакшы ден- соолукта болушун ар бир жаран ойлонот дейм. Бирок, айылыбызда эч кандай беткап тагынган адам жок. Эч бир текшерген да адам жок. Шайлоого бир айылдан бир айылга келишип аралашып жүрүшөт», — деп билдирди.

Асилкан Абжалиева

 

Пандемия шартындагы шайлоого даярдык
Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь