Мектеп директору: «Онлайн билим берүүдө окуучулардын билим деңгээли түшүп кетти»

3 Октябрь 2020 жыл 20:40
Количество просмотров: 43

«Онлайн билим берүүдө окуучулардын билим деңгээли түшүп кетти. Себеби, онлайн билим берүү реалдуу режимдегидей болбойт. Салттуу түрдө окууда 45 минутада биз канча нерселерди өздөштүрүп алабыз, билим беребиз тарбия беребиз, баарлашып окуучунун маанайын билебиз ошондой эле алар бизден дем-күч алып кетишет»,- деп билдирди Жапар Нышанов мектебинин директору Гүлзат Сапарбек кызы.

Ошондой эле аралыктан окутууда бир нече кыйынчылыктар жаралганын, биринчи маселе каражат маселеси болуп, көп учурларда ата-энелер окуучуларды интернет менен камсыз кылып бере албай атканын кошумчалады.

 

Мектеп мугалими Барчынай Кудайбердиева

«Видео сабактарды даярдоо менен бирге ютуб каналындагы видео сабактарды колдонуп жана ZOOM, MEET, мультиурок, гугл форма, тест программалары менен сабактар окутулуп жатат», — дейт Барчынай Кудайбердиева.

Айыл тургуну Жыпар мектеп жашындагы 3 баласы бар. Экөө аралыктан окуса бирөө 1-класста салттуу режимде окуп жатат.

«Онлайн окутууда кеңири бир жакка чыга албайт экенсиң балдарың менен кошо окуп, тиричилик экен аларды да ары-бери жумшап турам, мектепте окуганда жакшы окушмак. Балдарды канча окутсаң дагы мугалимдин тарбиясына, берген билимине жетпейт экен. Кичүү кызым 1-класста салттуу түрдө окуйт ага тапшырмаларына гана жардам берип коём»,- деди Жыпар.

 

Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы?
Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь