Куу-Майданда добуш берүүгө келгендердин арасында социалдык аралык сакталбай жатат

4 Октябрь 2020 жыл 15:17
Количество просмотров: 89

Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык №5376 Шайлоо участкасында добуш берүүгө келгендердин арасында социалдык аралык сакталбай жатат. Бирок, шайлоо эч кандай мыйзам бузууларсыз тынч өтүүдө.

№5376 Шайлоо участогу

Сүрөттөн шайлоочулар социалдык аралыкты сактабаганын көрүүгө болот

Куу-Майдан шайлоо участкасы талапка ылайык саат 8:00дө КРнын Мамлекеттик гимни ойнотулуп айыл өкмөттөн келген өкүлдөрдүн, байкоочулардын катышуусу менен башталды.

Ар бир шайлоочуга шайлоо өтчү жайга кирерде колуна антисептик чачылып, беткап берилип жатты

Шайлоо өтүүчү жай

№5376 Шайлоо участогунда жалпысынан 1645 шайлоочу бар, саат 14:26да 394 жаран добуш берди.

Оператор шайлоочунун базадан таптап жаткан учур

Участканын төрайымы Айтигүл Абдивалиева шайлоого келгендердин маанайы жакшы, өздөрү каалаган партияга таштап кетип жатышаканын, биринчи жолу катышып жаткан шайлоочуларга жол көрсөтүлүп жатканын билдирди.

№5376 УШК төрайымы Айтигул Абдивалиева

Зарина Абжалиева 19 жашта, ал биринчи жолу шайлоого катышып жатат: «Быйыл шайлоого биринчи жолу катышкандыктан толкундоо болоду, мен өзүм жол жобосун билбегендиктен ошол жерде отурган операторлор мага түшүндүрүп беришти» — дейт Зарина.

Жаш шайлоочу Зарина Абжалиева

Кызыл-Аскер ФАПынын медайымы келген шайлоочулардын дене табын, кан басымын текшерип киргизүүдө. Анын айтымында дене табы көтөрүлгөн шайлоочулар боло элек.

Шайлоочунун дене табы өлчөнүүдө

Медайым шайлоочунун кан басымын өлчөп жатат

Шайлоочу Абибилла Мадраимов шайлоого жакшы маанай менен келгенин билдирди: «Шайлоого жакшы маанай менен келдим. Эл өзүнүн ой жүгүртүүсү менен шайлап жатат деп ойлойм. Мен да Шайлоо таза, эркин өтүшүн каалайм».

Шайлоочу Абибилла Мадраимов

Мектеп мугалими Буажар Байназарова: «УШК кызматкерлери өз милдеттерин таза, тыкан аткарып жатышат, техникалык кыйынчылыктар жок. Анан дагы бирөөгө бирөө кысым көрсөткөн да жок, баары өз эрки менен шайлап чыгып атышат» — дейт.

Шайлоочу, мектеп мугалими Буажар Байназарова

Айтолкун Шадыбекова №5376 шайлоо участогуна жооптуу көзөмөлдөөчү: «Куу-Майдан шайлоо участкасында 1645 шайлоочу бар, бирок алардын баары толугу менен бул жерде эмес, көпчүлүгү миграцияда жүргөн адамдар. Ал эми туруктуу жашагандар шайлоого келип жатат» — деп билдирди.

УШК жооптуу көзөмөлдөөчүсү Айтолкун Шадыбекова

Эскерте кетсек кечээ 3-октябрда үй шартында шайлоочулар үчүн көчмө урна менен шайлоо жүргөн. Бул тууралуу №5376 УШКнын оператору Барчынай Кудайбердиева айтып берди:

Оператор Барчынай Кудайбердиева

«Кечээ 3-октябрь күнү мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган өздөрү басып келе албаган шайлоочуларды үйлөрүн кыдырып шайлоо жүргүздүк. Баары мыйзамдын чегинде болуп, атайын комиссиянын чечиминин негизинде 2 комиссия мүчөсү, 2 оператор жана байкоочулар болуп өтүлдү»- дейт Барчынай Кудайбердиева.

Шайлоочу үй шартындаа шайлап жаткан учур

Бирок, сүрөттөрдөн шайлоочулардын социалдык аралыкты сактабай бири- бирине жакын турганын көрүүгө болот.

 

Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь