Парламенттик шайлоонун жүрүшү кандай болууда?

4 Октябрь 2020 жыл 15:07
Количество просмотров: 80

Пандемия шартында өтүп жаткан парламенттик шайлоо, санитардык эрежелерди сактоо менен башталды. Эреже боюнча шайлоо участкасы саат 8:00 дөн тартып ачылганын, шайлоо комиссиясынын төрагасы төгүндөйт.

 

Суусамыр айыл аймагынын шайлоо камиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев, өтүп жаткан шайлоо тууралуу айтып берди:

 

Шайлоо камиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев

 

«Эрежеге ылайык Суусамыр айылынын №7346 шайлоо участкасы саат 8:00 дөн тартып ачылды.
Суусамыр айылында жалпысынан 1783 шайлоочу бар. Пандемия шартында өтүп жаткан шайлоо, санитардык тартиптерди сактоо менен башталды. Жалпысынан 13 адам шайлоо участкасында иштеп жатат».

 

Шайлоо санитардык тартиптерди сактоо менен башталды

 

Жалпысынан 13 адам шайлоо участкасында иштеп жатат

Ал эми байкоочу камиссиянын мүчөсү Нурмат Сатылганов эч кандай мыйзам бузуулар байкалган жок деп билдирди:

 

Байкоочу комиссиясынын мүчөсү Нурмат Сатылганов

«Өтүп жаткан шайлоодо, эч кандай мыйзамсыз тартип бузуулар болгон жок. Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан парламенттик шайлоо тынч өтөт деген ойдомун».

 

Өтүп жаткан шайлоодо, эч кандай мыйзамсыз тартип бузуулар болгон жок

Буга улай шайлоо комиссиясынын катчысы Раиса Байгазиева шайлоонун өтүшү тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

 

Шайлоо камиссиясынын катчысы Раиса Байгазиева

« №7346 шайлоо участкасында өтүлүп жаткан шайлоо тууралуу мыйзам бузуулар катталбагандыгын, эрежелер так аткарылып жаткандыгын БШКга 2 саатта бир маалымат берип жатабыз. Өзүнөр көргөндөй бардык санитардык тартиптер сакталып жатат».

 

Бардык санитардык тартиптер сакталып жатат

 

Айдана Токтобекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь