Элет жериндегилер Covid-19 илдетин унуткандай

30 Октябрь 2020 жыл 9:27
Количество просмотров: 125

Учурда пандемия дүйнѳ жүзүн каптаган учур. Бул илдет Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткандыгына байланыштуу карапайым калк буга даяр эмес эле. Жаңы эле Covid-19 илдетинен арылып эл баш кѳтѳрѳ баштаганда эми минтип пандемиянын экинчи толкуну пайда болуу коркунучу турат. Бирок, элет жеринде пандемия учуру унутта калгансып бара жаткандай.

Себеби, айыл жеринде кышка даярдык, күзгү оруп- жыйноо учуру башталган. Мындан тышкары шайлоо учуру да болгондуктан айыл жеринде элдердин кѳп топтолуусу да боло баштады дейт айыл тургун Дамира Мейрезанова:

Айыл тургун Дамира Мейрезанова

«Азыркы учурда элдердин кѳп топтолуусу боло баштады. Айыл жеринде пандемияга карата эрежелер деле кѳп сакталбай келүүдѳ. Аш-тойлордун күчѳп турган кези, мындан тышкары күзгү оруп жыйноо болуп жатат. Элдер бул ооруну унутуп бара жаткан сыяктуу. Менин кесибим боюнча мед айыммын. Ошондуктан укол сайып берчи дегендердин үйлѳрүнѳ барып сайып берип жатам. Учурда 5-6 кишиге укол сайып жатам. Элдин арасында дагы эле ооруп жаткандар бар. Бирок, буга карапайым калк анчейин маани берген жери жок. Кѳп топтолгон жерден илдеттин жугуу жолу кѳбүрѳѳк болот».

Ал эми жашы улгайып калган улуу муундагы адамдардын айтымында, пандемия учурунда шайлоо, саясаттын кереги деле жок эле. Биринчи орунга калктын саламаттыгы болуусу керек болчу дейт айыл тургуну Кудайберген Байбосунов.

Айыл тургуну Кудайберген Байбосунов

«Азыр элге шайлоо, саясат сыяктуу нерселердин кереги жок деп ойлойм. Анткени үстүбүздѳ кыш кирип келе жатат. Мындан тышкары, пандемиянын экинчи толкуну да башталды деген маалымат бар. Шайлоого жумшаган акчаларга андан кѳрѳ дары-дармектерди кеңири даярдап, ооруканалардагы жылуулуктарды камсыздашса жакшы болмок. Эл массалык түрдѳ ооруй баштаганда дарыларды, дем алдыруучу концентраттарды таппай убара болушту. Ал эле эмес аркасы ѳкүнүч менен да аяктаган учурлар жок эмес».

Элет жеринде күнүмдүк жашоо менен алек болуп келгендер пандемия учурунда үйдѳ болуу, зарыл болбосо кѳчѳгѳ чыкпоо керек деп эсептеп келишет. Алардын бири айыл тургуну Венера Абдылдаева азыр кафелерде аш-той күч алып жаткандыгын кошумчалап кетти:

Венера Абдылдаева

«Мен кафеде эмгектенем. Пандемия учурун эл унутуп деле калган сыяктуу. Анткени кафеде аш-той күч алган учур. Кафеге келген коноктор эч кандай эрежелерди сактабай эле. Бул учурда ден-соолугуңду эстесең аябай кооптоносуң. Бирок айыл жеринде башка жумуш жок болгондуктан айла жок иштѳѳгѳ туура келүүдѳ. Элдер кѳп топтолгон жерге маска менен барышса жакшы болмок. Кээ бирлерине пандемия жѳнүндѳ айтсаң ал жѳн эле саясат, чоңдор бизди чакмак алып жатышат,-деген ойлорун уга аласың. Айыл жеринде коронавирус илдети жѳнүндѳ унутуп деле калышты».

Ар бир адам ѳз ден-соолугуна кам кѳрүү ирээтинде санитардык эрежелерди сактоо керектигин эске салсак. Илдетти жайылтпоо ар бир жарандын колунда.

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь