Обсервация жана күндүзгү стационарлар кайрадан иштей баштады

31 Октябрь 2020 жыл 15:21
Количество просмотров: 41

Таажы ылаңы басаңдаганда, Талас шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде ачылган күндүзгү стационар, “Интурист” мейманканасында уюштурулган 24 саат иштеген стационар жана “Мээрим-Сапат” кыргыз-түрк кыздар лицейинде ачылган күндүзгү стационар жабылып, оору биротоло кеткендей шаар тургундары кубанган эле.Арадан бир-эки ай өтпөй кайрадан ылаң күчөй баштады. Күзүндө жыл сайын болуп келген сасык тумоо кошулуп, чүчкүрүп-жөтөлүп ооругандар арбын болууда. 


Алардын канчасы кадимки сасык тумоолоп, канчасы коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын медиктер гана аныктап, дарылап жатат.
Анан тышкары, күзүндө той-аш көбөйүп, оорунун экинчи толкуну болору алдын ала айтылса дагы аны кулак сыртынан кетирип, тобокелге баш байлап тойлогондор да көп болууда.

Ооругандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Талас шаарындагы “Интурист” мейманканасында обсервация кайрадан ачылды. Ал эми шаардын борбордук аянтына жакын жайгашкан №15 “Ак-Бешик” бала бакчасынын базасында күндүзгү стационар уюштурулду.

Жаңы стационарлар ачылды

«Бул стационар 20 койкага эсептелинген, 1 врач, 4 медсестра, 4 санитарка иштейт. Бизде врачтар жетишсиз болгондуктан, Бишкектен врач келди. Учурда иштеп жатышат. Иштөө режими саат таңкы 8ден кечки 20.00го чейин», -деп маалымат берди Талас облустук үй- бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Жаңыл Уметалиева.

Медайымдар бейтапка жардам көрсөтүүдө

Стационар ачылган күнү эле шаар боюнча 14 бейтап кайрылып, алардын 6суна дары куюлуп, 4сүнө врач консультация берип, ал эми 4 бейтапка рентген аппаратына түшүп келүүгө жолдомо берилген.
Стационардагы врачтарга 3 маал ысык тамак берилүүдө. Күндүзгү стационар Талас шаардык мэриясынын демилгеси менен жабдууланып, керектүү нерселер алынып берилди.

Нарын облусунун Акталаа районунда да кайрадан күндүзгү дарылоочу жайларды уюштуруу аракеттери башталды.
Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь