Чолпон айылында жаш балдар коронавирус илдетине кабылган учурлар жок

31 Октябрь 2020 жыл 16:08
Количество просмотров: 59

Кочкор районундагы Чолпон айылында жаш балдардын коронавирус илдетине кабылган учур болгон жок. Ошентсе дагы балдардын саламаттыгы үчүн ата-энелер жана медицина кызматкерлери кам көрүшүүдө.

Чолпон айылындагы №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фельдшери Калбүбү Кылычбекова айылдагы жаш балдардын саламаттыгы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Калбүбү Кылычбекова Чолпон айылдык №6 ооруканасында фельдшер болуп эмгектенет.

«Медицина тармагында иштеп келе жатканыма 30 жылдын жүзү болду. Азыркы учурда пандемияга кабылган жаш балдар №6 ооруканада катталган жок. Айылдагы жаш балдардын саламаттыгы жакшы деңгээлде деп айта алам. Пандемияга байланыштуу биринчи класстын окуучулары гана салттуу түрдө мектепке келип окуп жатышат. Алардын ден-соолугу толугу менен көзөмөлдөнүүдө. Мектепте салттуу түрдө окуп жаткан окуучулар атайын коргонуучу каражаттар менен камсыз болушкан. Ошондой эле, мектепке тепловизор берилген. Аны менен күн сайын ар бир окуучунун дене-табы текшерилип турат.

Биздин аймакта пандемияга кабылган жаш балдар катталбаганы үчүн, мурункудай эле эмдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жаш балдарга 11 жана 16 жашта алынуучу эмдөөлөр жүргүзүлүүдө. Ошого карабастан эмдөөгө келбей койгон жаштар дагы бар. Ден-соолугун караган жарандар эмдөөнү өз убагында келип алып жатышат. Азыркы учурда вакцинада кандайдыр бир оорутуучу нерсе бар деген сөзгө ишенип алган жарандар дагы бар. Бирок, чындыгында бул вакцина 13 ооруну алдын алуу үчүн адамдарга сайылат.
Ден-соолукту бекемдеш үчүн эң башкысы туура тамактануу, иммунитетти чыңдоо, көп кыймыл жасоо керек.  Адамдын иммунитети күчтүү болсо көпчүлүк ооруларга туруштук бере алат.»

Касиет Адышова 1-класстын класс жетекчиси

Касиет Адышова Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 1-классынын мугалими:

Пандемия шартында 1-класстын окуучулары салттуу түрдө мектепке келип окуп жатканына байланыштуу, биздин мектепте санитардык гигиеналык шарттар жакшы түзүлгөн. Ар бир класста кол жуугуч бар. Тазалыкка барып келген сайын окуучулар колдорун самындап жуушат. Бет каптар күн сайын алмаштырылат, ар бир окуучунун антисептиги бар. Андан тышкары, класста дагы антисептикалык каражаттар бар. Биздин мектепте санитардык абал туруктуу. Ооруган бала жок. Окуучулардын катышы дагы жакшы деңгээлде.»

Окуучулар илдеттен коргонуучу каражаттар менен камсыз болушкан

Элет жериндеги балдардын саламаттыгы маалыматтын жеткиликтүүлүгүнөн көз каранды болууда
Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь