Элдин үнү: Элеттиктерге пандемия кандай таасир тийгизди?

31 Октябрь 2020 жыл 15:53
Количество просмотров: 57

Covid-19 вирусунун кулачы биздин өлкөгө дагы жетти. Пандемия учурунда бүткүл адамзаттын жашоосу башка нукка бурулду. Дүйнө жүзү моралдык жана материалдык жактан өзгөрүлдү. Пандемия элеттиктерге кандай таасир тийгизди?


Кочкор районундагы Чолпон айылынын жашоочуларынын пандемия тууралуу оюн сурадык. Айыл тургуну Махабат Жекшеналиева төмөнкүлөргө токтолду:

Айыл тургуну Махабат Жекшеналиева

“Пандемиянын көп терс жактары болду. Өлкөнүн экономикасына чоң таасирин тийгизди. Пандемияга байланыштуу билим берүү тармагы онлайн форматта окутууга өттү. Негизи биздин өлкө пандемияга даяр эмес экенин көрө алдык. Медицина тармагында дагы кемчиликтер көп болду. Ар бир адам көчөдө ээн-эркин жүрө албай калды. Ошол себептерден улам, пандемияга чейинки жашоонун баркын билдик. Covid-19 вирусу бир заматта адам баласынын жашоосун өзгөртө алды. »

Айыл тургуну Улук Алкадыров

Айыл тургуну Улук Алкадыров:

«Пандемия мага көп таасир калтырды. Мурунтан анчейин баалабай жүргөн нерселердин канчалык баалуу экенин түшүндүм. Мисалы, пандемия башталгандан тартып, эч бир жерде ээн баса албайсың. Эшикке чыксаң дагы бет кап, кол кап, антисептикалык каражаттарды кошо ала жүрүшүң керек. Эл көбүрөөк болгон жерде дагы жүрө албайсың. Жүрөгүңдө коркунуч болот экен. Көчөгө чыгып, кайра үйгө келе жатканда эмнегедир кооптонуу болуп жатты. Башымды «өзүм менен кошо вирусту алып келбесем экен» деген ойлор курчады. Жакындарымдын саламаттыгы үчүн корктум».

Айыл тургуну Бурулкан Турдубаева

Айыл тургуну Бурулкан Турдубаева буларга токтолду:

«Пандемиянын бир эле терс жактарын эмес оң жактарын дагы карасак болот. Мисалы, канчалаган адамдар жумуштарынан бошобой үй-бүлөсүнө анчейин көңүл бөлүп, чогуу убактыларын өткөрө алган эмес. Карантинде үй-бүлөсү менен чогуу убакыт өткөргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Пандемияга чейинки жашоодо канчалык жакшы жашоодо жашаганыбызды билдик. Пандемия учурунда жашоо-турмушка шүгүр келтиргенди үйрөндүк десем болот. Анан дагы өзгөчө дарыгерлер менен мугалимдердин баркын түшүндүк. Алардын кылган эмгегин бааладык көрүнөт”.

Сурамжылоо: Саясат жана пандемия элет жеринде
Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь