Китепканачы: «Коронавирус китеп окууга тоскоол боло албайт»

2 Ноябрь 2020 жыл 9:17
Количество просмотров: 45

Коронавирус илдети биздин жашообузду түп тамырынан бери өзгөрттү. Мурда бет кап кийгендерди ооруканадагы медиктерден гана көрө турган болсок, азыр көчөдөн да, жумуштан да, керек болсо үйдөн да бет кап кийип жүрүүгө туура келип калды. Ээн-эркин жашоого көнгөн жаныбыз эркин басып сейилдегенден, паркка баргандан, кино, театр, ал тургай китепканага баргандан коркуп калган учурубуз. Себеби, көзгө көрүнбөгөн коркунучтуу илдет абадан, буюмдан кагаздан да адамга жугуп каларын адистер айтып, көрсөтүп жатышат.


Бирок, бул жашоого да көнүп, жаңыча ойлонуп, жашап, билим алууга, иштөөгө, аң- сезимибизди өстүрүүгө аракет кылып жатабыз.
Пандемия шартына карабай, санитардык эрежелерди сактоо менен ишин улантып, алгалаган аракеттерди көрүп жаткандардын бири китепканачылар.
Жакында Талас шаарында жайгашкан Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын фонду жаңы китептер менен толукталды.


«Биринчи карантин учурунан баштап биз китепканалар иштей баштаганбыз. Иштегенде да жаңы багытта онлайн аркылуу окурмандарды тейледик. Китепканачылар балдарга, чоңдорго китеп окуу сааттарын уюштуруп, жаңы чыккан китептер менен окурмандарды тааныштырып жатышты. Акын жазуучулардын чыгармачылыгы тууралуу, дүйнөлүк, кыргыз адабиятынын чыгармаларынан сүрөттүү слайддарды, аудио уктурууларды даярдап он лайн аркылуу окурмандарга жөнөтүп турушту.

Айтор, окурман менен китепканачылар тыгыз байланышта иштеп турдук. Карантин аяктап жашообуз кадимки нукка түшкөндө деле онлайн аркылуу окурмандар менен байланышууну улантып жатабыз.

Окурмандарыбыз жаңы китептерди окугусу келет. Биз бул туурасында жетекчиликке кайрылганбыз, максатыбыз ишке ашып Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынан сөздүктөр, ошондой эле философиялык, көркөм адабий багыттагы жалпы 2050 даана жаңы китеп алынып келинди. Мунун өзү Талас облустук китепканасынын фондун жаңыртууга чоң өбөлгө болот. Жаңы китептер облустук китепкана гана турбайт, облустагы 74 китепканага таркатылып берилет», -деп билдирди Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепкананын директору Телегей Жаркыналиева.

Китепканачы Нурзада Камчыбекова окуучулар менен иштөө учурунда

Онлайн аркылуу окурмандар менен ийгиликтүү иштегендердин бири А.Токтогулов атындагы китепкана кызматкери Нурзада Камчыбекова.
«Онлайн аркылуу иштегендин дагы бир артыкчылыгы бар. Мисалы, кече уюштуруп китепканага чакырсаң балким 40-50 киши келет. Ал эми онлайн кечеге миңдеген окурмандар катыша алышат. Китеп окуу сааттарын уюштуруп жатабыз. Ага дагы катышкандардын саны күн санап өсүп баратат», -дейт Нурзада.

Кыргызстанда өспүрүм кыздарга арналган китеп жарыкка чыкты
Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь