Айылдык ак халатчандардын көйгөйү

19 Март 2021 жыл 11:23
Количество просмотров: 132

Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагындагы №7 “Шумкар Уя” үй- бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектеген Темирбек Сагыналиев дарыгерлер тобуна жаңы имарат керектигин, айылда медиктердин жетишсиздигин жана маянанын аздыгын айтат.


— Айылдык дарыгерлер тобунда эмне көйгөй бар?

— Шайлоо бүткөндөн кийин айылдык кеңештин жаңы шайланган депутаттарына кайрылам. Себеби, дарыгерлер тобуна жаңы имарат салынса жакшы болмок. Жаңы, бөлмөлөрү кенен, жаркыраган имаратта элди тейлеп иштесек деген тилегибиз ишке ашса дейбиз. Экинчи олуттуу көйгөй кадр маселеси. Айлыгыбыз аз болсо дагы биз ак халатчандар эл үчүн колунан келген ишибизди жасап иштеп келе жатабыз.

— Пандемия мезгилинде элеттеги медиктер кандай кыйын учурларды баштан кечирди?

— Чынында өтө оор болду. Талды-Булак айылынын чыга беришиндеги күзөт постунда иштедим.  Иштеп жүрүп, бир күнү коронавирус илдети менен ооруп да калдым. Пандемия учурунда айыл өкмөтү Жер-Үй кенин иштеткен Алтын Альянс компаниясы тарабынан 9 миллион 717 777 сомго 10 койка комплекти менен, керектүү дары-дармектерди, медициналык жабдууларды алып беришти. Кийин дагы 147 миң 796 сомго медициналык жабдык, зарыл керектүү медикаменттерди алып берди. Ошол алынган дары-дармектердин кору али күнчө бар, азыркы кезде дагы бейтаптарга бекер берип жатабыз.
Пандемия учурунда айыл тургундары тарабынан 216 миң сомго керектүү жабдыктар берилгенин айтып өтөйүн. Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Чоң-Токой айыл тургундары жакшы жардамдарды беришти. Мирлан Калдыбеков 89 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Сейтек Кырбашев бир даана кычкылтек концентраторун, 2 даана пульсоксиметр, Юруслан Намазалиев 1 даана дем алдыруучу аппарат, 1 даана тепловизор медициналык жабдууларды алып жардам көрсөтүп, медиктердин ысык тамагы үчүн деп Намазалиевдердин үй бүлөсү кой союп беришкен.

Кара-Ой айылынын тургуну Искен Ишимов 2 даана керебет, 6 матрац, 4 жаздык, 4 желим өтүк алып берди. Эмил Абдыкадыров 30 миң сомго дары-дармек, 2 даана дем алдыруучу аппарат алып берди.


Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев 2 даана дем алдыруучу аппарат алып келген.
Пандемия башталганда мектептин спорт залында 10 койкалуу күндүзгү стационар ачтык. Медайымдар жетишпей, айыл өкмөт башчысы кошумча медайымдарды ишке тартып, айлык төлөп турду. Ошол кезде үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда 6 койка күндүзгү стационар иштеп жатты. А.Бөрүбаев мектебинде 5 койкалуу күндүзгү стационар ачылды. Айыл өкмөтү тарабынан дагы 2 медайым менен келишим түзүлүп, маянасы төлөнүп берилди. Хан-Бүргө айылындагы ФАПта 3 койка ачылып, анда 1 медайым келишимдин негизинде иштеди, ага дагы айыл өкмөтү тарабынан айлык төлөнүп берилди.

Кеңеш айылындагы медпунктта дагы 3 койка иштеп, анда дагы 1 медайым келишимдин негизинде иштеди. Пандемия учурунда айыл өкмөтүнүн жардамы менен жалпысынан 36 койка тынбай иштеп жатты. Эртең мененки саат 8.00дон кечки саат 9.00гө чейин тынымсыз иш жүрүп, бейтаптардын дарылануусуна шарт түзүлдү. Алтын Альянс компаниясы дагы чоң жардам берди. 2020-жылдын 13-июлунан тартып, 13-августка чейин COVID илдети курч мүнөздө өттү. Ооруп, күндүзгү бөлүмдө дарылагандардын саны 561 адамга жетти. Тилекке каршы, 2 бейтап каза болду. Пандемия учурунда медиктер үчүн өтө оор сыноо болду. Элден айланса болот. Жаштар демилге көтөрүп, аянбай жардам берип жатышты. Эч качан мындай болбосун!

— Кырк жылдан бери бир кесипти аркалап тынымсыз иштеп келген экенсиз. Кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

— Түн уйкудан кечкен күндөр көп болду. Эшикти тыкылдатып ооруп кыйналгандар келгенде кантип жардам берем деген ой жүрөктү өйүйт. Колдон келген жардамымды аябай, мүмкүнчүлүктүн жетишинче сыркоолорго көмөк көрсөтүп келем.

Саламаттыкты сактоонун отличниги Темирбек Сагыналиев 1982-жылдан бери медицина жаатында эмгектенип келет. Азыркы №7 “Шумкар Уя” үй бүлөлүк дарыгерлер тобу 1992-жылы фельдшердик-акушердик пункт болуп ачылганда ишке кирген. Төрт айылды бириктирген Бекмолдо айыл аймагындагы дарыгерлер тобунда бүгүнкү күндө 12 медик иштейт, анын ичинде 2 врач, 10 медайым эмгектенет.

№7 “Шумкар Уя” үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу эски имаратта жайгашкан. Дубалы жука, эски имарат оңдолуп-түзөлүп, жаңы пластик терезелер салынган. Дарыгерлер тобунун медиктери бүгүнкү күндүн талабына ылайык компьютер менен иштеп, маалыматтарды сакташат.
Дарыгерлер тобундагы иштеген жубайлар Темирбек Сагыналиев менен өмүрлүк жары врач акушер-гинеколог Алмаш Иманкулова экөө тең Саламаттыкты сактоонун отличниктери. Алмаш Иманкулова менен Темирбек Сагыналиев 3 кыз, 1 уулду татыктуу тарбиялаган бактылуу жубайлар.

 

Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь