Элдин демилгеси менен айылга рентген УЗИ аппараттары алынды

2 Ноябрь 2020 жыл 9:41
Количество просмотров: 33

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айыл тургундарынын демилгеси менен акча каражаты жыйналып, ал акчага УЗИ аппараты жана биохимиялык анализаторлор алынып келинди. Учурда жарандар УЗИ аппаратынан пайдаланышууда.

УЗИ аппараты аркылуу текшерип жаткан учуру

Кулатовго жардам демилгелүү тобунун комиссия мүчөлөрү чогулушта

«Дүйнөнү каптаган COVID-19 вирусу акырындык менен Кыргызстанга да жетип келди. Ошол эле учурда бул вирус менен айыл тургундары да ооруй баштады. Рентген аппаратына, УЗИ аппараттарына түшүп келүү үчүн шаарга же болбосо Ноокат райондук ооруканага барып түшүп келүү керек эле. Жол узактыгы жана узак кезекте ооруп барган жарандарды кыйла түйшүккө салды жана бир нече ыңгайсыздыктарды жаратты.

Ошол учурда элине күйгөн Маматжан Анарбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавляновалар демилге көтөрүп, эл да колдоп атайын комиссия түзүлүп, алардын көзөмөлү менен жалпы: 3 336 977сом жана 150 100 рубль акча чогулган. Натыйжада, Бишкек шаарынан УЗИ аппараты 18 000 $ жана биохимический анализ аппараттары толук комплект 5000 $ жалпы, 23 000 $ (доллар) уюштуруучулар тарабынан алынып келинди», — деп билдирди комиссия мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты Апсатар Эшимов.

Кулатовго жардам демилгелүү тобунун комиссия мүчөлөрү

Каратаева Алтынай маалымат берип жаткан учуру

Кулатов айыл өкмөтүнүн №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врач терепевти Алтынай Каратаеванын  билдирүүсүндө, 27-октябрь күнү демилгелүү топтун уюштуруучулары жана комиссия мүчөлөрү тарабынан УЗИ аппараты жана биохимиялык анализаторлор аппараттары келип түшкөн.

«Мына бүгүн УЗИ апаратын ишке киргиздик. Бул УЗИ апаратынын үч датчиги бар. Алар адамдын ички органдарын, муундарды көрсөтөт. Ал эми рентген аппараты айыл өкмөт тарабынан каржыланып, үч жума ичинде келет деген маалымат бар. Рентген аппараты үчүн каана ремонттолуп жатат. Бул аппараттарды иштетүү үчүн мед кызматкерлери атайын окуулардан өтүп жатышат».

 

Таңнуру Жалалова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь