Пандемияда «Макмал Голд Компани» тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. «COVID-19» га байланыштуу, вирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында Казарман айылынын көчөлөрун жана имараттарын дезинфекциялоо иштерин жүргүздү.
Тогуз-Торо районунун 5 айыл өкмөтүндөгү социалдык жактан аз камсыз болгон 300 үй-бүлөгө азык-түлүк гуманитардык жардам ала алышты. Компаниянын кызматкерлери да 105000 сом өлчөмүндө акча каражат чогултушуп, Тогуз-Торо райондук фондуна которуп беришкен.
• Айылдар аралык блокпост орнотууда оор техника жана күйүүчү майы менен жардам көрсөтүлдү.
• Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө 200 даана бир жолу колдонулуучу маска, жеке коргонуу каражаттар гуманитардык жардам катары демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү.
• А.Жакишов атындагы жалпы медициналык практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө жылытуу тутумун оңдоо жана калыбына келтирүү максатында 250 000 сом өлчөмүндө акча каражат бөлуп берилди.
• Жалпы суммасы 114 598,40 сомго дары-дармек алынып, райондук ооруканага тапшырылды.
• Компания тарабынан 1 даана ИВЛ аппараты, компрессору жана концентратору менен жалпы 18300 АКШ долларга алынып, райондук ооруканага орнотулуп берилген.
Бул тууралуу «Макмал Голд Компани»расмий баракчасына жарыялады.
Пандемияда аз камсыз үй-бүлөлөргө жардамдар берилди
Анара Мааметова