Көз доктур: «Бейтаптарга социалдык аралыкты сактагыла, бет кап кийгиле деп айтабыз»

4 Ноябрь 2020 жыл 18:19
Количество просмотров: 53

Талас шаарындагы С. Жангазиев атындагы көз оорулар бөлүмүндө таңдан кечке кезек күткөндөр көп. Кезекке туруп врачка көрүнгөнгө зар болгондордун арасында кары-картаңдар, жаш балдарга чейин бар. Райондордогу ооруканаларда көз доктурлар жок болгондуктан Таластын баш-аягынан көзү ооруган бейтаптар шаарга келип көз доктурга кезекке турушат.

Кезек күткөн бейтаптар

Учурда коронавирус илдети күчөп жатканына байланыштуу бул облустагы жападан жалгыз көз ооруларды дарылоо бөлүмүндө иштеген медицина кызматкерлерине дагы оору жукканы аныкталып, аталган бөлүм эки-үч күнгө карантинге жабылган.

Бул учурда көз ооруган бейтаптар каякка барарын билбей, көп адамдар бушайман болушту. Абал турукташып, бөлүм кызматкерлери ПЦР тест тапшырышып, бөлүм толугу менен дезинфекцияланып, кайрадан көз доктурлар иштей башташты.

Көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Жангазы Юсупов Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайын аяктагандан кийин 2014-жылдан баштап ушул бөлүмдө иштеп келе жатат.
Учурда эмне себептен көз оорулары көбөйүп жатканынын себебин билүү максатында Жангазы Юсуповго кайрылдык.


— Көз оорулардын көбөйүшүнүн себеби эмнеде?

— Акыркы жылдарда технология күчтүү өнүгүп жатат. Карылар да, орто курактагылар, окуучу балдар, мектепке бара элек наристелирибизге чейин уюлдук телефон кармап, андан баш көтөрбөй калдык. Уюлдук телефондон чыккан нур көзгө өтө зыяндуу. Экинчиден азыр көп адамдар кан басымдуулугунун жогору болуусунан жабыркашууда. Кан басымдын бийик болуусу дагы көздүн көрүүсүнө терс таасир тийгизет. Жашы улгайгандарда катаркт оорусу көбөйүүдө.

— Жыл ичинде канча операция жасалат бул бөлүмдө?
— Биздин бөлүмдө бир жылда 300гө жакын операция жасалат.

— Кезекте тургандар көп экен, жумалап кире албайбыз дегендерди жолуктурдук…
— Дарыгерлер жетишсиз. Талап боюнча ар бир райондо көз доктур болуусу керек. Тилекке каршы адистер жок. Эми бейтаптар аргасыздан кезекке туруп жатышат. Эл деген эл, кезекке турганда соцаралыкты сактабай, бет капсыз тургандар бар. Эскертип айтып жатабыз, социалдык аралыкты сактагыла, бет кап кийгиле деп. Учурдагы кооптуу абалда илдет жугуп калабы деп чочулап жатабыз. Бирок, көз оору деген чыдатпайт, ошондуктан катуудан тиш, жумшактан көз оорубасын деп коюшат. Ооруп кыйналган үчүн бизге келишет. Элдин абалын туура түшүнүп, ар бирин кабыл алганга аракет кылабыз.

Таажы тумоосунун экинчи толкунунда түшүндүрүү иштери кайрадан башталды
Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь