Акталаада 2-чейректе кайсы класстын окуучулары салттуу окушу мүмкүн?

5 Ноябрь 2020 жыл 18:38
Количество просмотров: 46

Үстүбүздөгү окуу жылынын 2-чейреги 11-ноябрда башталат. Окутуу аралыктан улантылабы же жокпу тиешелүү министрлик 3 түрдүү варианттарды сунуш кылышууда. Ал эми Ак-Талаа районундагы орто мектептерде 1-6-класстардын окуучулары салттуу окууга өтүшү мүмкүн.

Мындай маалыматты Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Аралыктан окутуу 1- класстарда болду

 

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

«2-чейректе 1-6-класстарды салттуу окутууну баштоо аракеттерин көрүп жатабыз. Мектептер окутууга даяр. Райондук штабдын чечими чыгып, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы уруксат берсе окутуп баштайбыз. Калган класстар аралыктан окууну уланта беришет. Кырдаалга жараша иш алып барылат»,- дейт.

Эске салсак, 1-чейректе 1-класстын окуучулары салттуу түрдө, ал эми 2-11-класстар аралыктан окушту.

 

Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь