Пандемиянын элеттик айымдарга таасири кандай болду?

5 Ноябрь 2020 жыл 14:13
Количество просмотров: 26

Тыйындын эки тарабы сыяктуу эле пандемиянын терс таасирлеринен сырткары оң таасирлери да болгонун айыл тургундары айтып беришти.

Айыл тургуну Анипа Насирова карантин учурунда гүлдөрдү өстүрүп, неберелерине джемпер, шапкалар, байпактарды токуп, шымдарды тигип бергенин айтты.

Анипа Насирова гүлдөрүн карап жаткан учур

«Пандемиянын бизге тийгизген терс таасирлери гана эмес оң таасирлери да көп. Үйдө мурда кылынбаган иштер да кылынып атты. Жалпы элибизге болсо финансы жагынан пайдасы тийди, тойлор, баталар азайды. Мурун ресторанга 400-500 адам чакырып өтө чыгаша көп кетип, ысырапкерчилик көп болчу».

Айнагүл Боронбаева

Айнагүл Боронбаева да пандемиянын оң таасирлери менен бөлүштү :
«Жолдошум экөөбүз көпчүлүк убактыбызды балдар менен бирге өткөрүп, тарбиясына жана билимине көңүл бурдук. Балдарыбыз күнүмдүк гигиенаны сактоону жакшы үйрөнүштү. Иммунитетти көтөргөн, витаминдүү тамак аштарды жегенге аракет кылдык. Анан балдарга иммунитет көтөргөн витаминдерди да алып ичирип жатабыз»,-деп билдирди.

Назгүл Кожоева

Назгүл Кожоеванын ою боюнча пандемия экологияга пайда алып келди:

«Жумушчулар үйлөрүнөн иштешип, транспорт аз каттап абанын тазаланышына себеп болду».

Гүлзат Алимбаева

Гүлзат Алимбаева: «Пандемиянын элге тийгизген оң таасири кыргыз эли той- ашка жакын калкпыз, той аштардын чектелгендиги, карыбы- жашпы дебей чогулуп отурушкан отуруштардын аздаганы, негизгиси ата-эне менен баланын бири — бирине убактысы көп болгондугу, ата-эне пандемиянын артынан баласынын окууга болгон деңгээлин, мектептин, мугалимдин баркын билишти деп ойлойм».

Элдин үнү: Элеттиктерге пандемия кандай таасир тийгизди?
Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь