Айыл жаштары мектепке антисептик каражаттарын алып беришти

7 Ноябрь 2020 жыл 17:05
Количество просмотров: 52

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын жаштары демилге көтөрүшүп, санитардык нормаларды сактоо жана COVID-19 оорусун алдына алууга көмөктөшүү үчүн демөөрчүлүк кылышты. Алар Бердалы Календеров атындагы орто мектепке 7240 сомдук 100даана беткап, 2даана бут сүрткүч, 10литр антисептик, 10кг хлорамин,6 даана кол кап жана эки санитайзер алып беришти.

Айыл жаштарынын берген каражаттарын өткөрүп алуу учуру мектеп директору Гүлнара Кенеева жана окуу бөлүмүнун башчысы Улук Шакиров

 

Айыл жаштары алып берген антисептик каражатттары  

Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Салтанат Баеванын айтымында 2-чейректе 1-6-класстар салттуу режимде окуп кала турган болсо, анда чынында эле окуучулардын коопсуздугун сактоо, окуган бөлмөлөрдү дезинфекциялап туруу үчүн антисептик каражаттар зарыл.

Салтанат Баева Мектептин тарбия иштерин уюштуруучу

«Өлкөбүздө илдеттин экинчи толкуну жүрүп, кабылган жарандардын саны күндөн- күнгө көбөйүп жатканы маалым. Эгер салттуу окууну баштасак анда, окуучулар жана мугалимдер арасында санитардык талаптарды катуу сакташыбыз керек. Окуу бөлмөлөрү маал-маалы менен жугушсуздандырылыш керек. Баланын коопсуздугу мектеп жетекчилигинде болуп жатпайбы. Бул каражаттар биринчи учурлар үчүн колдонууга жетет»,- дейт.

 

Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь