Акталаада коронавируска чалдыккан балдардын абалы жакшы

13 Ноябрь 2020 жыл 18:06
Количество просмотров: 66

Ак-Талаа районунда пандемия башталгандан тартып COVID-19 илдети симптомсуз түрү менен 17,  ал эми пневмония менен 3 өспүрүм катталган. Булардын ичинен бешөө мектеп жашына чейинки балдар.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын айтканына караганда балдардын абалы учурда жакшы. Ички көзөмөлдө болуп жатат.

Кенже Карагулова Райакимдин орун басары

«Негизи райондо учурда эпидемиологиялык абал туруктуу. Кандай кырдаал болбосун даярдыктабыз. Ооруканада өпкөнү жасалма дем алдыруучу эки аппарат бар эле. КРнын вице-премьери Эльвира Сурабалдиева онлайн жолугушууда тиешелүү министрлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дагы бир аппарат берүүнү убада кылды».

Гүлнара Кемелова үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары

Ал эми аймактык оорукананын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Кемелова:

“Учурда райондун аймагында балдардын саламаттыгы туруктуу. Башка өнөкөт оорулар менен келген балдарды кадимкидей эле дарыгерлер кабыл алып, тиешелүү медициналык көрсөтмөлөрдү берип жатабыз. Ошентсе дагы, илдетке ишенич жок. Мүмкүн болушунча санитардык эрежелерди сактоо зарыл. Аш-той жана башка көпчүлүк чогулган жерлерге балдарын дагы ээрчитип барбай эле коюшса”,- дейт.

 

Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь