Элдин үнү: Пандемия учурунда элеттеги кары картаңдардын абалы кандай?

25 Ноябрь 2020 жыл 8:28
Количество просмотров: 53

Ковид-19 илдети бүтүндөй адамзаттын жашоосуна коркунуч келтирди. Пандемия учурунда элеттеги кары адамдардын саламаттыгы, экономикалык абалы кандай болду? Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургундарынын ой-пикирин билип көрдүк:

Айыл тургуну Турганбүбү Айтыкеева 88 жашта. Пандемия учурунда үйдөн чыкпай, өзүн алаксытып, көбүнчө китеп окуу менен алек болгонун айтат:

Айыл тургуну Турганбүбү Айтыкеева

«Өлкөдөгү кырдаал боюнча айтсам, бирин-серин кары адамдар дагы бул илдет менен оорушту. Бирок, кары адамдар өзүбүз дагы аракет кылып, иммунитетти күчтөөгө аракет кылуудабыз. Кошумча пайдалуу, витаминдүү тамактарга басым жасоодомун. Өз убагында дарылык талаптарды орундатууга аракет кылып жатам. Үйдөн чыкканым жок, той- тамашага барганым жок. Көбүнчө ден-соолукка кам көрүп, үйдө убакыт өткөрүп жатам.

Менин жашым 90 го таяп, улгайып калдым. Ошондуктан үй-жумуштары менен алек болбойм. Бирок өзүмө эрмек кылып, көп китеп окууга аракеттенем. Өзүмдү алаксытам, кино көрөм, жаңылыктарды угам. Көбүнчө китеп окуймун. Мисалы, жакында эле Нуржигит Кадырбековдун «Япон кереметинин сыры» деген китебин окуп чыктым.

Карылардын пенсиясы өз убагында берилүүдө. Пандемия учурунда 300 сомдон кошулуптур. Бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча бул оору каптады. Баарыбызды бушайманга салды. Кары адамдардын тилеги илдет эртерээк жок болсо экен, элибизде тынччылык болсо экен деп тилеп жатабыз.»

Айыл тургуну Ажыбек Жукеев 63-жашта. Пандемия учурунда мамлекет тарабынан кары-картаңдарга жардам көрсөтүлбөгөндүгүн айтат:

«Пандемия учурунда кары-картаңдардын саламаттыгы ар кандай болууда. Ар бир адамдын ден-соолугуна жараша болот экен. Кээ бир кары адамдардын мурунку өнөкөт оорулары болсо, бул Ковид-19 илдети ага кошул-ташыл болуп, адамдын организми вирусту көтөрө албай, адам өмүрүн алганга чейин барууда. Ал эми ден-соолугу бекем, таза адамдар, вирусту көтөрүп, жакшы болуп, сакайып кетишти. Пандемия учурунда үй жумуштары менен эле алек болуудабыз. Айыл жергесинде кирди- чыкты майда иштерди кылып, небере, бала-бакыранын жанында эле отурабыз. Пандемия маалында мамлекет тарабынан кары-картаңдарга жардам көрсөтүлгөн жок».

Айыл тургундары Ажыбек Жукеев жана Салтанат Боогачиева

Салтанат Боогачиева 58 жашта. Ал пандемия мезгилинде пенсия өз убагында берилип жаткандыгын кошумчалады:

«Пандемия учурунда кары-картаңдардын абалы орто болууда. Бул илдет жашы өтүп калган адамдар үчүн кооптуу экенин айтышууда. Илдеттин айынан кары адамдардын өнөкөт оорулары козголуп, ден-соолукка бир топ коркунучту туудурду. Бул илдет бир эле кары адамдарга эмес, бүтүндөй адамзаттын жашоосуна коркунуч келтирди. Пандемия мезгилинде пенсия өз убагында берилип жатты».

 

Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь