Барскоондо Covid-19 экинчи толкуну оор абалда ѳтүүдѳ

29 Ноябрь 2020 жыл 6:38
Количество просмотров: 40

2020-жылдын 27-ноябрына карата республика боюнча Covid-19 илдетинин -377 жуктуруп алган учуру катталгандыгын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлиги билдирди. Алардын ичинен ичинен беш адам каза тапкан да айтылууда.
Covid-19 илдетинин экинчи толкуну күч алган учуру. Жер-жерлерде инфекциялык оору күчѳй баштаган учурда элет жеринде той-аштар да кѳп боло баштады. Гигиеналык санитардык эрежелерди сактоого маани берилбей калган учурлар кѳп кездешүүдѳ.

Дарыгерлердин айтымында күнүнѳ ооруканага кайрылган бейтаптардын саны 30-40ка жетүүдѳ. Алардын кѳпчүлүк бѳлүгү жүрѳк кан тамыр жана кант диабет оорулары менен жабыркашууда.Үй-бүлѳлүк дарыгер Жеңишбек Акматов Covid-19 илдети жүрүп жаткандыгына байланыштуу бул илдет, адамдын эски ооруларын козгоп күчѳтүүдѳ дейт.

Үй-бүлѳлүк дарыгер Жеңишбек Акматов

Дарыгер бейтаптарды көрүү учуру

«Мен азыркы күндѳ дарыгерлердин жетишсиздигинен улам эки айылдын элин дарылоого туура келүүдѳ. Күнүнѳ 30-40 адам келип текшерилүүдѳ. Азыркы күндѳ бейтаптардын арасындагылардын кѳпчүлүгү кант диабети жана жүрѳк оорусу менен кѳп кайрылууда.

Covid-19 инфекциялык оорусу эски дарттарды козгоп кээ бир жарандар илдетти кѳтѳрѳ албай калышууда. Биз келген бардык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бирок шартка байланыштуу эрежелер сакталбай калууда. Мындан улам вирустун тамырланышуусу күч алууда».

Covid-19 илдетинен айыл жериндеги тургундар жабыркап жаткандыгы баарына белгилүү. Себеби, айыл жеринде ар кандай себептерден элдер кѳп чогула турган жерлер кѳп болууда. Мындан улам илдетти жугузуп алуу коркунучу чоң. Айыл ичиндеги абал туралуу Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү Жаныбек Үсѳнбаев тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти:

Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Жаныбек Үсѳнбаев

«Covid-19 илдетинин экинчи толкуну болуп жаткан учурда айыл ичиндеги абал оор. Айыл тургундарыбыз районго барып рентгенге түшүп, бир жана эки тараптуу ѳпкѳнүн сезгенүүсү деген дианоз менен даарыланып жаткандар бар. Мен бүгүнкү күндѳ айыл ичинде канча адам Сovid-19 илдети, канчасы ѳпкѳнүн сезгенүүсү менен ооруп жана канча адам бул илдеттерден жабыркап каза болгонун так айта албайм.

Себеби бизге дарыгерлер так маалыматты айтпай эле. Бүгүнкү күндѳ айыл ичиндеги санитардык эрежелерди сактоо жана кафелердеги ар кандай топтолууларды убактылуу токтотуу максатында аксакалдар соту,аксакалдар кеңеши, аялдар комитети жана депутаттардын курамынан
Элет жеринде жашаган тургундардын кѳпчүлүк бѳлүгү эрежелерди сактоону унутуп бара жаткандай.

Анткени, кѳпчүлүк учурда кѳчѳлѳрдѳ, коомдук жайларда беткапсыз жүрүүдѳ. Ар бир адамдын ден-соолугуна ѳзү кам кѳрүүсү керек. Эгерде үй-бүлѳсүнүн коопсуздугун ойлосо санитардык эрежелерди толук сактоосу керек»,- дейт айыл тургуну Махабат Кудайбергенова:

Айыл тургуну Махабат Кудайбергенова:

«Менин оюмча биринчи орунда үй-бүлѳңдү ойлошуң керек. Ошондуктан зарыл болбосо кѳчѳгѳ чыкпай туруу керек. Эгерде зарыл жумушуң болуп кѳчѳгѳ чыгып калсаң беткап тагынып, антисептик колдону зарыл деп эсептейм. Азыркы күндѳ илдет желдей тарап жаткан учуру. Биздин айылдан эле бир айдын ичинде Covidден канча адам кайтыш болуп кетти. Айылда азыр абал оор эле болуп калды».

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бүгүнкү күндѳ элет жерлеринде абал оор бойдон калууда. Covid-19 илдети күндѳн-күнгѳ тамырланып барууда. Буга себепкер жергиликтүү тургундардын санитардык эрежелерди сактабагандыгы.

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь