Чолпон айылында эпидемиологиялык абал туруктуу

26 Ноябрь 2020 жыл 12:52
Количество просмотров: 48

Учурда Кочкор районунун Чолпон айылында пандемияга кабылган жарандар жок. Азыркы мезгилде аты аталган аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу.

Чолпон айыл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Токжан Асанбаева Чолпон айылында абал туруктуу экенин, ошондой эле айылдык оорукана илдеттин экинчи толкунуна даяр экендигин айтат:

«Азыркы учурда Чолпон айылында ковид-19 вирусу менен жабыркаган адамдар каттала элек. Тургундар арасында мезгилдик тумоо жүрүп жаткан. Бирок бул илдетке кабылган адамдар жок. Пандемиянын биринчи толкунуна даярдык көргөндөй эле, экинчи толкунга дагы алдын ала даярдык көргөнбүз. Азыркы учурда 20 орундуу күндүзгү стационар ачылган. Жай мезгилинде ГСВ бөлүмүнө ачылган эле. Бул жолкусунда айылдык бала-бакча иштебей, имараты бош болгондуктан ошол жакка ачылды. Алдын-ала дары-дармектер, дарыгерлердин коргонуучу кийимдери, 2 айга жетчүдөй резерв дайындалган.

Бүгүнкү күндө стационарда ооруган адамдар жок. Айыл тургундарына санитардык, профилактикалык иштерди айтып, вирустан коргонуунун жолдорун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Ошондой эле дарыгерлер үймө-үй кыдырып, жаш балдардын саламаттыгын көзөмөлгө алышууда.

Пандемия март айында башталган кезде, элдер өзүлөрү демөөрчү болуп, керектүү аппараттарды алып беришкен. Дем алдыруучу аппараттар келген. Экинчи толкунга карата даярдыгыбыз бар. Азырынча дарылар жетиштүү санда бар».

Күндүзгү стационар бала-бакчанын имаратына ачылган

Стационарда 20 орундук даярдалган

Учурда стационарда ооруган бейтаптар жок

 

Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь