Пандемияга байланыштуу окуучулар онлайн окуп, 1-класстар гана салттуу түрдө окушкан. Азыркы учурда Ноокат районунун Куу-Майдан айылында 1-5-9-11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда.
Салттуу түрдө окуган окуучулар үчүн бардык санитардык эрежелер каралган. Сабактар 8:30да башталып, мектепке кирерде дене табы текшерилип, беткап менен киргизилет.
Ал эми онлайн режиминде окуп жаткан окуучуларга мугалимдер видео сабактарды даярдап, расписание боюнча сабактар өтүлүп жатат.
Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин директору Гүлмайрам Ысмайылованын айтымында:
«Азыркы учурда «Covid-19″ оорусуна байланыштуу мектептерди окуучулардын санына карата ачууга уруксат берилген. Мисалы, бизде 649 окуучу бар. Ошондуктан бизде кээ бир класстарыбыз оффлайн окуп жатса, кээ бир класстарыбыз онлайн билим алып жатышат. Мында албетте, салттуу окутуунун айырмасы бар. Мисалы, мугалим менен окуучу бири бирин көрүп бет-маңдай отурушуп сабактарды өткөн бул эң сонун нерсе. Ошондуктан, ушул оору жоюлуп бардык класстар оффлайн окуса жакшы болмок».
Мектеп организатору Айжамал Абдикеримова:
«Биздин мектепте оффлайн жана онлайн сабактары жакшы жүргүзүлүп жатат. Оффлайн окуган окуучуларды санитардык эрежелерди сактаганга чакырып жатабыз. Кыш келип аба-ырайы суук болгондуктан окуучулардын ден- соолугу үчүн форма талап кылган жокбуз», — дейт.
9-класстын окуучусу Элвира Уланбек кызы онлайн окууда жакшы билим ала албаганын билдирди:
«Биз азыркы учурда сүйүктүү мектебибизде окуп жатабыз классташтарды мугалимдерди көп убакыт бою көрбөй бири бирибизди сагыныптырбыз, мен онлайн режиминде окуп жатканда терең билим ала албадым деп айтсам жаңылышпайм»,- дейт Элвира.
Куу-Майдан айылдык китепканасына жазуучу Мырзаш Аширбековдун ысымы ыйгарылды
Айжибек Алижанова