Барскоондогу оорукана оңдоп-түзөөдөн өттү

4 Декабрь 2020 жыл 14:30
Количество просмотров: 61

Барскоон айылындагы ооруканада ремонт иштери жүрүп жатат. Оорукананы оңдоп түзѳө иштерине Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт тарабынан жалпы суммасы 330 сом ѳлчѳмүндѳ бюджеттен каралган. Анын ичинен оорукананын терезелерин алмаштырууга 250 миң сом, ал эми ѳзгѳчѳ кырдаал учурунда түз келишимдин негизинде санитардык бѳлмѳгѳ 70 миң сом ѳлчѳмүндѳ бѳлүнгѳн. 

Бүгүнкү күндѳ оорукананын толук оңдоп түзѳтүү иштери аяктады.

 

Барскоон айылындагы оорукананны терезелери алмаштыруу учуру

 

 

Пандемияда оорукананын даярдыгы

Айыл аймактарында коронавирус боюнча абал дагы эле кооптуу. Акыркы аптада Ысык-Кѳл облусундагы вирустун жайылышы жергиликтүү элдерди чочулатып жатат. Учурда оорукана күндүн суугуна карабай толук кандуу оңдоп түзѳѳ иштерин аяктады. Бүгүнкү күндѳ Барскоон айылынын ооруканасында илдет күч алса бейтаптарды жаткырып дарылоого отуз орун даярдалды.

 

Барскоон айылындагы ооруканада пандемия илдетин дарылоого отуз орундук даярдалды

 

 

Илдет тамырын жайууда

Дарыгерлер кандай аракет кылбасын илдет күч алууда. Элет жеринде абал бир кыйла оор болууда. Буга сырттагы күндүн суугу да кошумча болууда дешет элеттиктер. Мындан тышкары, илдетке толук маани бербей үйдѳ дарыланган жарандардын да саны арбын болууда.

 

Бейтаптары текшерүү учуру

 

Ооруну күчѳтпѳй кармоо ѳзүбүздѳн кѳз каранды

Ал эми Барскоон айылынын мед айымдары илдеттин жайылышынын алдын алып, кырдаалды туруктуу кармап туруш үчүн ар кандай чараларды колдонуп, санитардык эрежелерди сактоо маанилүү экендигин эскертишет.

Коронавирус илдети бардык жерлерде кѳп катталып жатат. Илдет менен күрѳшүү учурунда дарыгерлердин да коопсуздуктары толук каралбай ѳздѳрү ооруп калууда. Илдетти жуктуруп алгандардын кѳпчүлүк бѳлүгү эки тараптуу ѳпкѳнүн кагынуусунан жабыркап келишүүдѳ. Анын арасынан айыгып чыккандар да жок эмес. Тилекке каршы каза болгондор да бар.

Учурда коронавирус илдети курчуп турган маалда президенттик шайлоо дагы башталат. Бул учурда элдин ден-соолуктарына кабатыр болушкан дарыгерлер кулак кагыш кылууда. Элдин кѳп топтолгон учурлары, санитардык эрежелерди, аралыктарды сактабагандыктан илдет дагы кулачын жайышы мүмкүн дешет дарыгерлер.

Барскоон: Босогого кыш келгенде баалардын ѳсүшү тоскоол жаратууда
 

Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь