Ак-Талаа районунун Чолок- Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде учурда 566 окуучуга 48 мугалим билим -тарбия берет. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин мектепте 1-класстын окуучулары гана салттуу окуп келишкен. Мектепте 300дөн ашык окуучу окугандыктан экинчи алгоритм менен 1,5,9,11-класстын окуучулары салтуу окууга өттү.
Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Салтанат Баева: «Окуучулардын салттуу окууга өтүшүн кубануу менен кабыл алдык. Чындыгында, окуучуларыбызды, мектепти абдан эле сагындык. Мугалимдер бардыгыбыз сүйүнүп жатабыз. Балдарга дагы жакшы болду. Алар мектепке келип классташтары, достору менен жолугуп, мектеп 1-сентябрдагыдай болуп шаңдуу. Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн бардык санитардык эрежелерди, аралыкты сактаганга аракет кылуудабыз. Мектепке келген ар бир окуучунун дене табын өлчөп, текшерип турабыз»,-дейт.
Видеодо Сыймык Садырбек уулу Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу.
Окуучулар оффлайн окууга келгендигине кубанууда
Барчын Мамытбекова