Акталаа аймактык ооруканасында «кызыл зона» режими сакталуу турат

15 Сентябрь 2020 жыл 11:51
Количество просмотров: 70

Ак—Талаа районунда эпидемиологиялык абалды алдын алуу максатында аймактык оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору мурдагыдай режимде иш алып барышууда. Тактап айтканда, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алган алгоритимине ылайык кызыл, жашыл, сары зоналар жайгаштырылган боюнча сакталып турат.

 

Үй-бүлөлүк медицина борбору

Ак-Талаа райондук аймактык оорукананын башчысынын орун басары Гүлнара Кемелованын айтымында илдетке байланыштуу бардык бөлүмдөр аргасыз үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун административдик имаратына жайгашкан. Учурда ал имарат тардык кылып, дарыгерлердин толук кандуу иштөөсүнө тоскоол болуп, бейтаптарды тейлөөдө бир топ ыңгайсыздыктарды жаратууда.

Гүлнара Кемелова Ак-Талаа райондук аймактык оорукананын башчысынын орун басары

“Пандемия күчөп турган кезде балдар билим борборунун имаратын убактылуу колдонуп жатканбыз. Учурда ал жерде ремонт иштери жүрүп жаткандыктан борбордун имаратында иштеп жатабыз. Илдетке алдын ала анализ берүүгө болбойт да. Кандай кырдаал болбосун оорукана даяр болушу керек. Азыр пневмонияга 10, ковидге 8 койка бар” дейт Гүлнара Кемелова.

Ооруканадагы хирургия, соматика жана башка бөлүмдөрү  кадимки режимде иштеп, дарыгерлер бейтаптарды кабыл алып жатышат. Пандемия күчөп турган  май-июль айларында бөлүмдөрдө стационардык дарылоого бейтаптарды кабыл алуу убактылуу  токтогон эле.

Ак- Талаада демөөрчүлөр тез жардам унааларын ондотуп беришти 

Барчын Мамытбекова

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь