Айылдык ооруканада бейтаптарга көрсөтмө берүүгө дарыгер жок

19 Ноябрь 2020 жыл 18:01
Количество просмотров: 63

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы ооруканада бейтаптарды кабыл алып, көрсөтмө берүүгө дарыгер жок.

Нарынкүл Асаналиева Чолок-Кайың айылынын тургуну

Айыл тургуну Нарынкүл Асаналиеванын айтканына караганда ооруканада мурда иштеген ардагер дарыгер учурда ден-соолугуна байланыштуу бир топ убакыттан бери оору баракчасында.

“Медайымдар болгону менен ал ооруканада бейтаптар жатып дарыланышат. Эгер дарыгер жок деп жаап койсо райондун борборуна барып көрүнүүгө шартыбыз жок. Айылдыктар чынында тынчсызданып жатабыз”,- дейт.

Кенже Карагулова райакимдин орун басары

Ал эми бул маселе тууралуу райакимдин орун басары Кенже Карагулова айылдык ооруканада Эдил Үсөнөв барып келип иштеп жатканын айтты.
“Эртең убактылуу иштөө үчүн мобилдик топ менен бирге аталган дарыгер жиберилет. Ординаторлорду тартуу боюнча тиешелүү жактарга кайрылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”,- дейт.

Гүлнара Нуркемелова Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары

Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Нуркемелова бүгүн аталган айылга эки дарыгер барып, элдин саламаттыгынан кабар алып келгенин  айтты.

«Бир күн кечке айылдык ооруканада болуп, келген бейтаптарды кабыл алдык. Азырынча айыл тургундарынын саламаттыгы канаттандырарлык. Учурда стационарда дарыланган бейтап жок. Албетте, пандемиялык кырдаалда дарыгер жоктугуна айыл тургундары тынчсызданып жатышат.  Дарылерлер кезектешип үч күндөн келип иштеп турабыз»,- деп билдирди.

Сүрөт архив

Акталаадагы айылдык оорукананын жылуулук системасы демөөрчүнүн жардамы менен оңдолууда
Барчын Мамытбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь