Пандемия коронавирус илдетин жеңүү үчүн илим менен билимдин маанисин, окумуштуулардын баркын айгине көрсөткөнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эл аралык кызматташуу жана калк менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Чолпон Койчуманова айтып берди.
«Пандемия башталгандан бери, аны менен бирге өзгөчө кырдаал киргизгенден кийин, башка жактардай эле Улуттук илимдер академиясынын да иш алып баруусуна өзгөчө таасир тийгизди.
Илимдер академиясынын кызматкерлери илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен бирдиктүү изилдөөлөрүбүз көп. Бирок пандемия бүт дүйнө жүзүнө тарап, карантин киргизилгенде көптөгөн илимий изилдөөлөр, илимий экспедициялар, чоң конференциялар, тегерек столдор, баары токтоп калды. Анткени окумуштуулар бизге келе албай калышты, биз дагы эч жакка чыга албай калдык. Ошондуктан илимий-практикалык изилдөөлөр токтоп калды, бирок башка жумуштарыбыздын баары эле уланып атты».
«Айтым»: Ошол абалга жараша кандай жумуштар жасалды?
Чолпон Койчуманова: «Биз ушу карантин киргизгенден бери жыйналыштарды, тегерек столдорду, илимий чоң конференциялардын баарын он-лайн режиминде өткөрдүк. Мисалы, ушул вирусту кантип жеңүү керек, андан нары кандай өнүгүшүбүз керек деген ушул сыяктуу темаларга көптөгөн жыйналыштарды өткөрдүк. Башка чет өлкөлүк улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен бирге өткөрүп аттык.
Ошондой эле биздин кызматкерлер он-лайн режиминде иштеп атты, убагында отчётторду берип жатышты. Өзүнүн үйүндө болсо дагы, бирок жумуш жүрүш керек, анткени зарплата алып атышат.
Андан ары кандай болот десем, биз ушул цифровизациянын өнүгүшүнө чоң көнүл бурушубуз керек.
Улуттук илимдер академиясында көптөгөн институттар бар. Ошолор өзгөчө кырдаал киргизгенде биздин илимий кызматкерлер, илимий институттар мамлекеттик мекемелер менен бирге иш алып барып жатышты, анткени бизде вирусологдор, имуннологдор бар. Ушул оору, ушул вирус боюнча вирусологдор менен кызматташып жатышты.
Ушул пандемияны жеңиш үчүн Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери бир күндүк маянасын мамлекетке которуп беришти».
«Айтым»: Мындан кийин ишиңизге кандай өзгөрүүлөр киргизилмекчи?
Чолпон Койчуманова: «Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда гана эмес, бүт дүйнө жүзү баары бир ойго келдик деп эсептейм, — илимдин жана билимдин өнүгүшүнө көп көнүл бурушубуз керек экен. Ушундай вирустарды, ушундай ооруларды ким жеңет? Доктурлар жеңет. Илим жеңет. Мамлекетте илим өнүксө, билим да өнүгөт, ошондо ооруларды жеңүү жеңил болот. Эгерде мамлекетте илимдин өнүгүшү ылдый болсо, мындай ооруларды жеңүү өтө кыйын. Ушундай ооруларды, ушул сыяктуу кризистен чыгыш үчүн биз башка мамлекеттерден жардам сурап, башка мамлекеттерге көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн.
Көп жылдардан бери Улуттук илимдер академиясына зарплатага гана акча бөлүнөт, эч кандай илимий изилдөөлөргө, илимий экспедицияларга мамлекеттен каражат берилбейт. Ошондуктан биз чет өлкөлөрдөн грант алып проекттер менен иштешебиз. Бирок пандемия болгондо алардын көбү пассивдүү болуп токтоп калды. Эми пандемия бүтсө эми кайра андан ары иш алып барабыз деген ойдобуз.
Илимдин жана билимдин өнүгүшүнө мамлекет көнүл буруш керек деген ойдомун».
Дүйнө жүзүнө жыйылган коронавирус илдети коомго тийгизген таасири тууралуу маектердин тизмегин баштадык. Маектерибиздин каармандары пандемиядан улам жеке адамдардын жашоосунда, мекемелердин ишмердүүлүгүндө, турмуштун ар кайсы тармактарында түзүлгөн абал жана ошондо жасалган тыянак менен кылган иштери тууралуу баяндап беришет.
Урматтуу окурман, коронавирус илдетинин жайылышынан улам түзүлгөн абалда сиз жасаган өзгөрүүлөр тууралуу бөлүшкүңүз келсе «Айтым» берүүсүнүн электрондук дарегине, — [email protected], кат жибериңиз.