Эпидемиялогиялык курч абалга байланыштуу Ат-Башынын бардык айылдарында күндүзгү стационарлар даярдалууда.
Район жетекчилиги тарабынан район борборундагы мектептерде 200 орундуу күндүзгү стационарлар уюштурулду.
Андан тышкары айылдардагы ФАПтарда дагы күндүз жатып дарылануучу орундар даярдалды.
«Азырынча район боюнча 250 орун даяр болду, медиктер жетиштүү, 50-100гө чейин медкызматкерлердин тизмеси алынган. Жетишпесе дагы медиктер тартылат»,- деп билдирди Ат-Башы райадминистрациясынын басма сөз катчысы.
Асел Уркунбаева