Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында борбордук мечиттин медресе үчүн салынган имараты күндүзгү стационар катары колдонууга берилди.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова «учурдагы кырдаалга байланыштуу күндүзгү стационар ачууга туура келди. Ооруканада орун жок. Азыр үйдө дарыланып жаткан дагы жарандар дагы бар. Бейтаптарды кабыл ала баштады. Медресенин ичинде бардык шарттары бар. Ичи 50 койкага ылайык келет» дейт. Алгач бейтаптар үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, дарыгерге көрүнүп, тиешелүү дары-дарымектерге көрсөтмө алып, андан соң стационарга келип, ийне сайдырып же тамчылатма дарыларды куйдура алышат. Кабыл алуу үчүн бир дарыгер жана 2 медициналык кызматкерлер бекитилди жана күнүгө эртең менен саат 9.00дөн кечки 18.00гө чейин иштейт.
Ат-Башыда 250 орундуу күндүзгү стационар даярдалды
Барчын Мамытбекова