Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндөгү жаш балдардын саламаттыгы канааттандырарлык экенин айылдык оорукананын үй- бүлөлүк дарыгери Дилдекан Кулукеева айтууда.
Ошондой эле тургундардын саламаттыгын чыңдоо максатында сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду:
“Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндө абал туруктуу. Жаш балдар COVID-19 илдети менен кайрылышкан жок. Бирок көбүнчө жаш балдар сасык тумоо менен көп ооруп жатышат. Ошондуктан ата-энелерге айтып кетчү нерсе, жаш балдарга көңүл бөлүп, көпчүлүк топтолгон жерге алып барбай, санитардык эрежелерди сакташсын. Биздин ооруканада азыркы учурда бардык айыл тургундар үчүн сасык тумоого каршы эмдөө иштери жүрүп жатат”.
К.Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин 1-классынын класс жетекчиси Жийде Кулуева окуучуларга мектептен санитардык эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтат:
“Азыркы учурда бардыгыңар билгендей 1-класс салттуу түрдө окуп жатышат. Кичинекей балдар беткаптарын үйлөрүнө унутуп, эшике чыкканда беткаптарын алып салып жатышат. Биз мектепте сактоого милдеттүү болгон санитардык эрежелер тууралуу үйрөтүп жатабыз. Балдар эшиктен киргенде колдорун жууп, антисептик каражатын колдонушат.
Бир жолу колдонулуучу бет каптарды тагынып, аралыкты сактап отурушат. Мектепте санитардык эрежелерди сактоого толук мүмкүнчүлүк бар”.
Ал эми айыл тургуну Нурила Турдугулованын кызы быйыл мектеп босогосун жаңыдан аттаган. Ал кызына мектепте сактоого милдеттүү болгон санитардык эрежелерди үйрөтүп жатканын баса белгиледи:
“Өлкөдө болуп жаткан оор кырдаал, баардык жактан элге терс таасирин тийгизип жатат. Азыркы учурда Суусамыр айылында абал туруктуу болгондуктан, адамдар санитардык эрежелерди сактабай, той-топурга барып жатабыз.
Быйыл кызым жаңыдан мектеп босогосун аттады. Кызыма мектепте сактоого милдеттүү болгон санитардык эрежелерди үйрөтүп жатам. Ал эми эң башкысы үй-бүлөбүз менен өз иммунитетибизди көтөргөнгө аракет кылып жатабыз”.
Дарыгерлердин айтымында, оору кайрадан күч алып баштагандыктан, ар бир жаран аралыкты сактап, кишилер көп топтолгон дерлерге барууга тыюу салынып жатат.
Айдана Токтобекова