Айылда COVID-19 оорусун жуктургандардын саны кайрадан көбөйүүдө

25 Октябрь 2020 жыл 8:46
Количество просмотров: 50

Учурда оорунун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу  Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү  күндүзгү стационар кайра иштеп баштады. 

Бул туурасында № 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Нурланбек кызы Айпери төмөнкүлөрдү билдирди:

Күндүзгү стационардын сырткы көрүнүшү.

Анын айтымында, учурда күндүзгү стационарга кайрылгандардын саны көбөйүүдө:

«Айыл тургундары санитардык эрежелерди сактабай той- аштарга барып жатканынан улам жугузуп жатат. Күнүнө үчтөн- төрттөн жаңы учур катталууда. Алардын рентген анализдерин текшерип ошого карап дарылайбыз. Эгер кайрылгандардын дене табы жогору абалы оор болсо, Ноокат райондук ооруканага тез жардам менен жеткиребиз. Азыркы учурда 30 бейтап даарыланып жатат. Алардын дары — дармектерин буга чейин миграттар тарабынан алып келинген бар дарыларды берип жатабыз. Жетишсиз дарыларды бейтаптар өздөрү сатып алып жатышат».

№16 үй-бүлөлүк дарыгер Нурланбек кызы Айпери

 

Бейтаптар дарыланып жатышат 

«Күз мезгили болгонуна байланыштуу оорулар көп болуп жатат. Мен да ооруп келгениме үч күн болду, бирок, азыр абалым жакшы»,- деп билдирди айыл тургуну.

Акталаада кайрадан күндүзгү дарылоочу жайларды уюштуруу аракеттери башталды
Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь