Кулатов айыл аймагында ооруканалар капиталдык ремонттон өтүп жатат

31 Октябрь 2020 жыл 15:40
Количество просмотров: 43

‎Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасы октябрь айынан баштап капиталдык ремонттон өтүүдө. Оорукананын кайрадан оңдоп-түзөөдөн өтүшүнө Кулатов айыл өкмөтү тарабынан каражат  бөлүнгөн. 

Рентген аппаратын коюу үчүн каана ремонттолууда

 

Айнек терезелер жаңыланууда

Оорукананын эмгек жамааты кышка чейин ремонт иштери аяктап, ыңгайлуу шартта иштеп баштайбыз деп, кубанычын тең бөлүштү.

Ноокат районунун МЕДИГОС үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу мээрман айымы Минажат Сабыровага суроолор менен кайрылдык:

Минажат Сабырова

Оорукананын ремонтко чейинки абалы кандай эле?

— Оорукананын айнек терезелери 1989-жылдан бери жаңысына алмашыла элек. Оорукананын ичиндеги суу түтүктөрү эскиргендигине байланыштуу, түтүктөрдөн жылчып чыккан суулар дубалдардын көчүүсүнө алып келип, бир жылда эки үч жолу ремонт кылууга туура келчү. Полдорго салынган линолеумдардын эскилиги жетип, айрыла баштаган, коридордогу кафелдер сынып, жараксыз абалга келген.

Ремонт учуру

Ремонт иштери качан башталды?

— Декабрь айынан баштап, элибизге келген COVID-19 таажы вирусунун  жайылуусунда ушул жылдын октябрь айынан баштап, ремонт иштери башталды. Азыркы учурда суу түтүктөрү эскилери жаңыга алмашылды, көчкөн жерлер шыбалып, акталды, эски линулиюмдар алынып, астылары тегизделип жатат, кафелдер жаңысына алмашылып жатат, эски терезелери алынып, ордуларына жаңылар коюлууда.

Оорукананын коридору ремонт учурунда

 

Кулатов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик объектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапарбек Бойдоновдун билдирүүсүнө караганда ремонт ишин жүргүзүүгө тендер жүргүзүлгөн:

Муниципалдык менчик объектилерин куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапарбек Бойдонов

«Кулатов айыл өкмөтүнүн бюджетинен жалпы 802093 сом акча каражаты бөлүнгөн. Ремонт иштери үчүн тендер жарыяланып, учурда жеке ишкер «Пратов Жаңыл» деген ишкана утуп, жумуш башталган. Ремонт иштери үчүн 393346 сом каралган.

  • Рентген кабинети үчүн 292517 сом акча каражаты бөлүнгөн.
  • Оорукананын сыртындагы отургучтарды жаңылоо үчүн, 82580 сом,
  • Тез жардам бөлүмүндөгү ремонт иштери үчүн 825080 сом каралган.

Андан сырткары, ооруканага рентген аппараты үчүн айыл өкмөт тендер жарыялап, 4039000 сомго рентген сатылып алынат. Бул аппарат буйруса 3 жумада келет. Оорукананын терезелерин айылдын патриот уул- кыздарынын демилгеси менен жыйналган акчанын эсебинен болот.

Учурдан пайдаланып, демилге көтөргөн Маматжан Анарбаев жана Махабат Мавлянова, андан сырткары жардам колун сунган бардык айыл тургундарына ыраазычылык билдирем», -деди.

Түп районунун Карасаев айыл аймагындагы айылдарда да ооруканалар капиталдык ремонттон өтүп жатат.

Таңнуру Жалалова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь