Кочкордо айыл тургуну дем алдыруучу аппарат жасап чыкты

18 Июль 2020 жыл 18:14
Количество просмотров: 51

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну дем алдыруучу аппаратты колго жасап чыкты.

Айыл тургуну 29 жаштагы Аскар Жалилов учурдагы кырдаалга кайдыгер карап тура алган жок. Учурда канчалаган бейтаптар дем алдыруучу аппаратка муктаж болууда. Ооруканаларда дем алдыруучу аппараттын тартыштыгы күч болуп жатканы барыбызга белгилүү. Ушул өңдүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн, Аскар Жалилов дем алдыруучу аппаратты жасоону колго алган.

Кочкор райондук ооруканасынын башкы дарыгери Турат Жумабеков жана Аскар Жалилов

Аскар Жалилов Кочкор райондук ооруканага 8 дем алдыруучу аппарат жасап берген. Бул аппаратты ар бир адам жасап алса болорун кошумчалады. Ошондой эле Нарын, Ысык-Көл облустарынын ооруканаларында муктаждыктар болсо, бекер жасап берүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, Аскар Жалиловго Кочкор районунун аймагында «коронавирус» оорусуна каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ардак грамота ыйгарылды.

Кандайдыр бир кеп-кеңеш керек болсо же сурооңуздар болсо, төмөндөгү номерге байланышсаңыз болот.

Байланыш номери: 0700-40-74-22 Аскар Жалилов

 

Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь