Суусамыр өрөөнүндөгү эпидемиологиялык абал- тез жардам унаасына муктаж

18 Июль 2020 жыл 21:16
Количество просмотров: 57

Суусамыр өрөөнүндө ооруканага кайрылган адамдардын саны күндөн –күнгө көбөйүп жатканы маалым. Айыл тургундарынын ден- соолугу, дары-дармектердин жетиштүүлүгү жана Суусамыр айыл аймактык ооруканасындагы маселелер тууралуу башкы дарыгер бөлүштү.

Суусамыр айылдык жалпы даргерлер борборунун жетекчиси Арзымат Шейшеев

 

“Азыркы маалда жалпы Суусамыр өрөөнү боюнча айта кетсем, өрөөн боюнча ооруканага кайрылгандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 164 бейтап. Буга чейинки күндөргө салыштырмалуу көп, анткени 120-130га жетпеген адамдар кайрылышкан. Ал эми бул COVID-19 га шектүү 49 адам, пневмония боюнча 24, башка оорулар боюнча 91 адам кайрылды.

Чүй облусундагы Жайыл районунун губернаторунун буйругу, штабдын чечими менен өрөөн боюнча 23 орундуу стационар ачылды. Суусамыр ооруканасында 13 адамга даярдалган. Азыркы учурда болгону 2 врач, 16 медайымдар толук кандуу кызмат көрсөтүп жатабыз. Түнкү күзөттө тез жардам кызматында 2 медкызматкер иштейт, бири чакырууга кетсе, экинчиси бул жакта калат.

Суусамыр айылындагы дүкөнчүлөргө терең ыраазычылык билдирем, күн сайын кезектешип ысык тамак даярдап бизге көмөк көрсөтүп жатышат. Ошондой эле алар суюк самын, антисептик, кагаз сүлгү, резинка өтүк менен камсыздап, демөөрчүлүк көрсөтүштү.

Бизде көйгөй эки эле врач иштеп жатат, бизге реаниматолог керек, ушул жерден эле оор абалдагыларды даарылөо үчүн. Бул маселени чечип берүүгө Саламаттык сактоо министрине кайрылдык. Анткени өзүңүздөргө маалым болгондой Чүй облусунда, Бишкекте, Карабалтада абал оор, орундар жетишсиз, оор абалдагыларды жеткирсек дагы жайгаштырыш кыйынга турууда. Бизге айыл тургундары тарабынан көптөгөн жардамдар келип жатат, эң негизгиси айыл тургундары тарабынан 4 кычкылтек концентратору, күнүгө колдонуучу каражаттарды, СИЗ костюмдарды, респиратор, көз айнек жана башка каражаттар келди. Ар бир демөөрчүгө, айыл тургундарына терең ыраазычылык билдирем. Бул ооруну алдын алуу мындайча айтканда баштапкы сипмтомдору мурун бүтүп, биринчи күнү чыйрыгуу байкалат, шалдырап муундары ооруйт, тердейт. Биринчи күндөн тартып дарыгердин айтканы боюнча даарылануу керек, антпесе күчөп кетсе өпкөгө өтүп пневмонияга айланат. Ошондуктан айыл тургундарынан оор абалга жеткирбей бизге кайрылышса деп суранат элем. Баарыңыздарга аманчылык каалайм!”

Суусамыр айылдык ооруканасына айыл тургундары жана жаштары тарабынан демилгеленип, жардам көрсөтүлүүдө

Оорукананын директорунун айтымында, акыркы 3 күндөн бери тез жардам машинасы бузулуп, ооруган адамдардын үйүнө баруу, тез жардам көрсөтүү оор болууда. Айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын алып, үйлөргө барууга туура келүүдө. Буга чейин дагы тез жардам унаасы тез-тез бузулуп, Төө Ашууда да калып калган учурлар болгон. Андыктан, Суусамыр  айылдык ооруканасы тез жардам унаага муктаж болууда. Андан тышкары, ооруп келген адамдардын диагнозун туура коюу үчүн рентген аппараты жок болгондуктан, бейтаптар температурасы менен, оор абалда болсо дагы Карабалтага барып рентгенден өтүп келүүгө дуушар.

Учурда айыл саламаттыгына кайдыгер карабаган инсандар акча чогултуп, медкызматкерлерге көмөктөшүп, ооруканага керектүү коргоочу кийимдер, жетишпеген дары-дармектер менен камсыздап, өз салымдарын кошууда.

 

Элизат Санжырбек кызы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь