Баткен облусунун Сүлүктү шаары боюнча 2020-жылдын 17-июлуна карата коронавирус жуктуруп алган жарандардын эң алгачкылары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Асат Ибрагимов: «Коронавирус жуктуруп алып, дарыланып жаткан жарандардын ичинен 2020-жылдын 17-июлуна карата өпкө сезгенүүсү менен ооругандардан 5 жаран, ковид-19 менен ооруп жаткан 4 жаран, айыгып, үйлөрүнө чыгарылды»,- деп маалымат берди.
«Жумуш деп жүрүп байкабай коронавирус жуктуруп алган экенмин, врачтардын, жалпы эле медицина кызматкерлеринин жардамы менен айыгып, мына үйгө чыгып жатамын, эч ким оорубасын, маска таккыла»- дейт Сүлүктү шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнүн тургуну Жороева Шарапат.
«Тагдырдын жазганы экен, байкабай вирус жуктуруп алган экенмин, өпкөм сезгенип ооруп калдым. Медицина кызматкерлери, күнү-түнү менин оорум менен күрөшүп, жакшы болуп калдым. Мени менен чогуу жаткан оорулар 5 киши бардыгыбыз айыгып чыгып жатабыз»- дейт Сүлүктү шаарынын тургуну Ильяз Айдаров.
Жергиликтүү бийлик вирусту жуктуруп алган бейтаптарга канчалык деңгээлде шарттарды карап жатат?
Барчынай Алимова