Элет жеринде эпидемиологиялык абал күч алууда

20 Июль 2020 жыл 12:25
Количество просмотров: 143

Азыркы учурда жер-жерлерде илдеттин тез жайылышы айтылууда. Күндөн-күнгө күч алган вирус адам өмүрлөрүн да алып кетүүдө. Бул күнгө чейин жергиликтүү тургундар Covid-19 илдетинин бар экенине көп деле ишенип маани бербей келишкен. 

Жети-Өгүз районундагы эпидемиялык абал

Бирок, бүгүнкү күндөгү абалды өз көздөрү менен көргөн соӊ соӊ, ар бир адамга коркуу сезимдер пайда боло баштады. Барскоон айылындагы эпидемиологиялык абал бүгүнкү күндө кандай болуп жаткандыгын билүү үчүн, Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Жаныбек Үсөнбаевге кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.

Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Жаныбек Үсөнбаев

“Бүгүнкү күндө айылдагы абал туруктуу десем да болот. Бирок ошого карабастан, мага келип түшкөн маалыматтарга токтоло кетсем, сегиз кишиден “Коронавирус” илдети положительный чыгып азыркы чыккан буйруктун негизинде үй карантининде болуп дарыланып жатышат. Ал эми эки тараптуу өпкөнүн сезгенүусү боюнча беш жараныбыз ооруканага жатып дарыланып келишти”.
Барскоон айыл өкмөтү жана айыл тургундары илдеттин алдын алуу жана токтотуу үчүн өз салымдарын кошуу менен бирге иш алып барышууда. Ар бир ишканаларга жана элдер көп топтулуучу жайларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө. Барскоон айылдык оруканага 30 орундуу күндүзгү дарылоо бөлүмү ачылды. Бул жерге айыл тургундары илдеттин жеӊил түрү менен жабыркагандар келип дарыланууда.

Ал эми жергиликтүү тургундардын көпчүлүк бөлүгү үй-шартында дарыланып жаткандыгын Барскоон айылынын тургуну Арсар Бектурова билдирди:

Барскоон айылынын тургуну Арсар Бектурова

“Айыл жергесинде бул илдет жайылып бара жаткансыйт. Бирок көчөгө чыксаӊ элдердин баары эле маска тагынып сактанып жүргөнүн көрүүгө болот. Кайсыл учурда жугузуп алганын билбейсиӊ. Бул илдеттин башталгыч белгилери грипп сыяктуу болгондуктан дээрлик элдин көпчүлүгү грипп болуп жатам деп үй шардында дарыланышууда. Себеби рентгенге барсан кезек күткөндөр толтура болуп же дарыгерге кезек күтүп турууга туура келип калат экен. Айыл тургундары бул ооруга анча маани бербей келишкен. Качан гана биздин айылдан эки адам ушул илдеттен каза болгондон кийин элде коркуу сезим пайда болду десем жаӊылышпайм”.
Ал эми дарыгерлердин айтымында карапайым калк үй шартында дарылоонун кесепетинен илдет күч алууда дейт. Мындан тышкары, азыркы күндө элдин көбүнчөсү бир, эки тараптуу өпкөнүн сезгенишинен жабыркап жаткандыгын да кошумчалады. Минздравдын № 413-415 буйругунун негизинде илдеттин жеӊил формасын үй шартында дарылоого туура келүүдө. Анткени калктын көпчүлүк бөлүгү ооруп жаткандыгына байланыштуу, оруканада оор форма менен келген бейтаптарды дарылоого орундар жетишпей калууда»,- дейт Жети-Өгүз жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары Чолпон Ибраимова.

Жети-Өгүз жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун орун басары Чолпон Ибраимова

“Азыркы күнгө ар бир айылга калктын санына жараша күндүзгү дарылоо бөлүмдөрү ачылууда. Анткени оорулуулар абдан көп болууда. Мындан тышкары, дарыгерлер жетишпей жатат. Өзүбүздүн беш дарыгерибиз пневмония менен ооруп жатат. Бул оору грипптей башталып, өпкөгө өпкөгө өтүп кетип жатат. Бүгүнкү күндө обцервацияда 45 адам жатса анын 35и пневмония менен ооруп жатат. Азыркы учурдан пайдаланып жалпы райондун тургундарына кайрылып кетет элем. Зарылчылык болбосо үйдөн чыкпооӊуздарды, чыксаӊыздар дагы маска менен чыгып санитардык гигиенаны сактасаӊыздар.”
Ар бир адам өз ден-соолугуна кам көрүүсү керек. Андыктан, дарыгерлердин берген кеӊештерин туура, так аткара билсек илдеттин жайылып кетүүсүнө бөгөт коё алабыз.

Жети-Өгүз районундагы эпидемиологиялык абал кандай?
Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь