Россияда иштеген жердештер Кеңеш айыл аймагына жардам кѳрсѳтүштү

28 Июль 2020 жыл 11:40
Количество просмотров: 73

Азыркы кырдаалга байланыштуу, Россияда эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге кѳтѳрүп, Кеңеш айыл аймагына 1 кислородный концентратор, 5 ингалятор, дары-дармектерди алып берип жиберишкен.

Айыл өкмөт башчысы менен биргеликте №9 ҮДТга аманатты тапшырып жатышат

 

Ак-Чабуу ФАПына ингалятор жана дары тапшырып жатканда

Келген жардам айыл ѳкмѳттүн орун басары, имам хатиби, айыл башчылардын катышуусунда №9 ҮДТга кычкылтек концентратор, Кеңеш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 5 айылдык ФАПка бирден ингалятор жана дары-дармектер бѳлүштүрүлүп берилди.

Шанкол ФАПына ингалятор, дары-дармек тапшырып жаткан учур

Кеңеш айыл өкмөтүнүн орун басары Жеңишбек Исаев жардам көрсөткөн жердештерге өз ыраазычылыгын билдире кетти: Учурда коронавирус илдети жайылып элибиз дары-дармек, медициналык аппараттарга муктаж болуп турган учурда миграцияда жүргөн бир туугандарыбыз кайдыгер карабастан колдорунан келишинче жардамын беришүүдө. Ар бир чет жерде жүргөн боордошторубузду, журтташтарыбызды жараткан колдоп, ой максаттары ишке ашып, үйүнө аман-эсен кайтып келишин тилеймин жана 16миң элибиздин атынан коптон коп ыраазычылыгыбызды билдиремин.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн орун басары Жеңишбек Исаев

 

Кеңеш айыл аймагы жаңы тез жардам автоунаалуу болду
Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь