Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жаңы күндүзгү стационардын курулуш иштери башталды. Курулуш иштери жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталып, август айынын аягына чейин бүтүрүүсү пландалууда.
Бул тууралуу маалыматты Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Жунусов билдирди.
Стационардын курулуш иштери
«Бизде азыр күндүзгү стационар мектепте уюштурулган. Бирок күн суук болуп баштаса, же окуу башталып калса ал жерди бошотуп бергенге туура келет. Ал эми ФАПта эки кишилик гана орундар бар. Кышкы күндөрү дагы кыйналып калбоонун алдын алуу максатында, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен ФАПтын жанына кошумча имарат курулуп баштады.
Имарат Август айынын аягына чейин курулуп бүтөрү пландалууда
Бул имараттын туурасы 4,5 м, ал эми узуну 12 м болот. Жалпы 54 чарчы метр жерге курулуш иштери башталып, бүгүнкү күндө фундаменттин орду казылып, арматура түйүлдү. Демөөрчүлүк көрсөтүп жаткан азыр АКШда иштеп жүргөн Кайрат Эсенгелдиев, андан сырткары Россияда ж.б чет жерде иштеп жүргөн балдарыбыз жана жергиликтүү ишкер Мирлан Жолдошбек уулу чоң колдоо көрсөтүп, бул ишти демилгелеп чыгышкан. Андан тышкары, жергиликтүү элдин, айыл өкмөттүн, айылдык кеңештин дагы жардамы менен ишти баштадык. Албетте, бул имаратты толугу менен бүтүргөнгө каражат жетпейт, андыктан айылыбыздагы кайдыгер карабаган тургундарынан дагы жардам күтөбүз жана жардамга чакырабыз.»- деди Нурлан Жунусов.
Айыл башчысы Нурлан Жунусов
Америкалык жердештер Ат-Башыга 4500 долларга дары-дармек алып беришти
Ача-Кайыңдыга кычкылтек концентратору келди
Асел Уркунбаева