Суусамыр: Жардам көрсөткөндөр күндөн- күнгө көбөйүүдө

30 Июль 2020 жыл 15:38
Количество просмотров: 78

Бүгүн 30-июлда Суусамыр айылдык ооруканасына «Шоро» компаниясы жана «Элим барсынбы?» кайрымдуулук фонду тарабынан 2 кычкылтек концентратору, 800 литр легенда суусу жана эң керектүү дары-дармектер жардамга келди.

Гумжардамды Суусамыр айылдык ооруканасына «Шоро» компаниясынын социалдык кызматкери Дайыр Максат уулу тапшырып жаткан мезгил

«Бүгүн атайын Бишкек шаарынан Суусамыр жергесине келип отурабыз. Колдоо көрсөткөн ар бир демөөрчүгө ыраазычылык билдиребиз. Аманатты өз дарегине жеткирдик, буюрса. Оорубаңыздар, бар болуңуздар!»,-дейт Дайыр Максат уулу.

Азыркы учурда көпчүлүк муктаж болуп жаткан «Гепарин, Клексан» өңдүү дарылар келди.

Демилгени «Шоро» компаниясынын жетекчиси Кайрат Эгембердиев демөөрчүлөгөн. Андан сырткары жардамга кол сунгандардын арасында АКШдагы мекендештер да бар. Болот Келдибеков айыл тургундарынын атынан ыраазычылык билдирди:

«Өзүбүздөн чыккан чыгаан уулдарыбыздан жардам келип отурат, ушундай кайрымдуу уулдарыбыз көп болсун, аман болсун. Дагы көп бийиктерди багынтып, кайрымдуулугуңардан жазбагыла. Рахмат!»

Кайрымдуу инсандарды оорукананын кызматкерлери, айыл аксакал тургундары тосуп алып, ыраазычылыктарын билдирип узатышты

Эскерте кетсек, буга чейин Суусамыр айылдык ооруканасына кычкылтек концентраторлору, дары- дармектер, СИЗ костюмдары ар тараптан жардамга келген. Ал эми АКШдагы Суусамырлык айыл тургун тез жардам унаасын белек кылган. 

Башкы дарыгердин айтымында, бираз мурда  ооруп кайрылгандардын саны 160 тан ашса, азыр азайып баратканы байкалууда.

 

Элизат Санжырбек кызы

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь