Айыл тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат

6 Август 2020 жыл 12:52
Количество просмотров: 59

Куу-Майдан айылынын тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат. Медицина кызматкерлери күн сайын айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, күнүнѳ 20-25 үйдү кароодон ѳткѳрүшѳт.

Кырдаалга байланыштуу текшерүүнүн эң негизги максаты оорулардын алдын алуу жана ѳз убагында жардам кѳрсѳтүү болуп саналат.

Кызыл-Аскер ФАПынын жетекчиси Санавар Маматованын айтымында:

Кызыл-Аскер ФАПынын жетекчиси Санавар Маматова

«Азыркы кырдаалга байланыштуу биз күнүгѳ айылды кыдырып текшерип, оорулууларды таап Covid-19 барбы жокпу аныктап турабыз. Текшерүү учурунда ал адамдын дене табы кѳтѳрүлсѳ эң башкысы анын температурасын түшүрүп, оорусуна карап жардам беребиз. Эгерде абалы начар болсо керектүү жерге жѳнѳтѳбүз»,-деп билдирди.

Азыркы учурда Куу-Майдан айылында эпидемиологиялык абал туруктуу. Айыл тургундары медицина кызматкерлерине алардын жардамы үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Кишимжан Жолдошованын айтымында: «Биз да кичине оорудук, ФАПка барып укол алып жаттык. Азыр акыбалым жакшы, жакшы болуп калдым. ФАПтагылар тынбай үйлөргө кыдырып ал-акыбалыбызды сурап турушту»,- деп билдирди айыл тургуну.

Айыл тургуну Кишимжан Жолдошова

Болдукыз Кудайбердиева азыркы акыбал бир эле Кыргызстан үчүн эмес бүткүл дүйнө жүзү үчүн сыноо, жашоо учун күрөш экенин жана ага карата болгон күч аракетин жумшап жаткандыгын билдирди:

Айыл тургуну Болдукыз Кудайбердиева

«Азыркы учур бир эле Кыргызстанда эмес бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жаткан учур. Медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем алар бир гана өзүн сактабастан элди сактап жатат. Үйгө келип кабар алып жатышты. Биздин үй-бүлөдө баарыбыз азыр жакшыбыз жеңил желпи грипп түрүндө өткөрдүк. Үйлөрдү тынымсыз сода, хлор менен дезинфекциялап жатабыз»,- дейт Болдукыз Кудайбердиева.

Айыл жаштары жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти

 

Аймончок Кожонова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь