Сүлүктүдө COVID-19 пандемиясы боюнча учурдагы абал кандай?

12 Август 2020 жыл 19:52
Количество просмотров: 56

COVID-19 пандемиясы менен ооруган алгачкы учур Баткен облусунун Сүлүктү шаарында алгачкы жолу 2020-жылдын 2-июль күнү катталган. Сүлүктүдө COVID-19 пандемиясынын 2020-жылдын 12-августуна карата абалы боюнча Сүлүктү шаардык мэриясынан жана Сүлүктү шаардык ооруулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиология көзөмөл борборунан маалымат алынды.

СЭС кызиаткерлери дезинфекцияга жөнөп жатат

«Коронавирус жуктуруп алган  учур Сүлүктү шаарында алгачкы жолу 2-июль күнү катталды. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин лабораториялык жол менен тастыкталган коронавирус жуктургандардын жалпы саны 20 кишини түздү. Анын ичинен 10 киши айыгып чыкты, 8 киши Сүлүктү шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмундө дарыланып жатат, 2 киши үйдө дарыгерлердин көзөмөлүндө.  Пневмония менен ооругандардын жалпы саны 31 кишини түздү. Анын ичинен 29 киши айыгып чыкты, учурда 2 киши Сүлүктү шаардык ооруканасынын жугуштуу ооруулар бөлүмундө дарыланып жатат. Учурда абал туруктуу, коомчулукка түшундүрүү иштери үзгултүксүз жүргүзүлүп жатат»- деп маалымат берди Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.

Сүлүктүдөгү РСК Банкы дезинфекция учурунда

«Коронавирус пандемиясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 745 кишини текшерүүдөн өткөрдүк, алардын арасынан  коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталгандардын жалпы саны 51 кишини түздү. Сүлүктү шаары боюнча акыркы 2 суткада коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган жок. Абал туруктуу. Эл көп чогулган жайларды дезинфекциялоо боюнча Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиология көзөмөл борборунун жооптуу адистеринен турган 2 топ тынымсыз иш жүргүзүп келет. Керектүү жабдуулар жана дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү»,- деп Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов маалымат берди.

Дезинфекция жасаган жооптуу адистер

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2020-жылдын 1-январь айына карата Сүлүктү шаарынын калкынын саны 23913 киши.

Сүлүктүдө коронавирус жуктуруп алгандар айыгып чыгышты

 Бакытбек Сапаркулов

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь