Пандемия учурунда калп маалыматтар элге моралдык терс таасирин тийгизди

25 Август 2020 жыл 16:05
Количество просмотров: 46

COVID-19 илдети оору тууралуу элдерге күн сайын, саат сайын жаңы маалыматтар телевизордон, радиолордон, социалдык тармактар аркылуу тарап жатты. Ошол учурда элеттик интернет колдонуучулар кимге ишенерин да билбей калган учурлар көп болгон. 

Социалдык тармактардан тараган маалыматтардын айыл тургундарына кандай таасир берип жаткандыгыны Кочкор районунун Чолпон айылынын айрым тургундарынан сурап көрдүк:

Айыл тургуну Мунара Токторбаева

«Пандемия учурунда Сovid -19 боюнча ар кандай соц тармактар аркылуу көп эле маалыматтар келип жатты. Мен негизинен соц тармактагы маалыматтарга ишене бербейм. Бирок пандемия тууралуу так жана туура маалыматтарды «Азаттыктын” сайтынан ала алдым десем болот. Ошол эле учурда көп жалган маалыматтар, фото, видеолор “Whatsapp” мессенжери аркылуу келип жатты. Ошол учурда кайсыл маалыматка ишенериңди билбей калат экенсиң.

Фейк маалыматтар бир гана адамдын башын айлантпастан психологиясына дагы терс таасирин тийгизет. Себеби, көпчүлүгү өтө эле аша чаап жалган маалымат таратышат. Мисалы, кээ бирөөлөр коркушуп, өз өмүрүнө кол салгандар да болду. “Whatsapp” мессенжери аркылуу бир гана тексттик маалыматтар эмес келген видеолордун саны дагы көп болду, албетте арасында пайдалуусу да бар. Мисалы, өздүк гигиенаны сактоо, карантин учурунда кандай кадамдарды жасашыбыз керек деген сыяктуу.

Ал эми ошол эле учурда өз алдынча, үй шартында дарылануу тууралуу маалыматтар келип жатты. Мен өзүмдүн ден соолугумдун коопсуздугун бир гана дарыгерлерге кайрылуу менен кам көрө алам. Ошондуктан, соцтармактардан келген дарылануу тууралуу маалыматтарды колдонгон жокмун. Ошондой эле учурдан пайдаланып, Чолпон айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна чоң рахматымды айтам.»

Чолпон айыл аймагыныны тургуну Урмат Өмүрбеков интернет колдонууну чектөө керектигин белгилейт. Анткени, дайыма негативдүү маалыматтарды алып, адам моралдык жактан травма алат дейт:

«Мен көбүнчө “Youtube” жана “Facebook” социалдык тармактарын колдоном. Пандемия учурунда Covid-19 тууралуу маалыматтарды ушул сайттар аркылуу угуп жаттым. Маалыматтар абдан көп болгондуктан, кээ бир учурда кайсынысы фейк, кайсынысы туура маалымат экенин айырмалай албай калат экенсиң. Бирок, ошол эле учурда чектен ашкан фейк маалыматтар дароо эле жалган экени билинип калат экен. Фейк маалыматтар адамдын психологиясына дагы кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизет.

Кечке эле оору тууралуу ойлонуп, кыжалат болуунун кажети жок. Анткени, азыркы учурда негативдүү жаңылыктар, маалыматтар көбөйүп кеткендиктен, дайыма негативдүү маалыматтарды окуй берип, адам чүнчүп кетиши толук ыктымал. Ошондуктан позитивдүү, адам алаксый турган пайдалуу нерселерди окуу, анын ден-соолугун, психологиясын жакшыртат деген ойдомун. Пандемия учурунда таралган маалыматтардын арасында пайдалуулары дагы көп болду. Мисалы, кантип санитардык нормаларды аткарыш керек, өздүк гигиенаны сактоо тууралуу.»

Айыл тургуну Жакшылык Дүйшөнбеков

Жакшылык Дүйшөнбеков башында интернетте тараган жалган маалыматтын негизинде оорунун бар экенине ишенбей жүрүп, оору өз башына келгенден кийин ишенип, маалыматтын айырмалай билүүгө үйрөнгөндүгүн айтат:

«Пандемия учурунда мен көбүнчө маалыматтарды «YouTube» социалдык тармагынан ала алдым. Маалыматтар ар түрдүү болуп жатты. Жакшысы дагы, жаманы дагы болду. Пандемиянын башында көпчүлүк элдер бүл ооруну жок деп эсептегендер да болду. Бирок мен бул оорунун толук кандуу бар экенине ишенем. Анткени бул оору менин дагы башыма келди. Пандемия жаңы башталганда ар кандай фейк маалыматтарды окуп, ишенген учурлар дагы болду. Мисалы, бул региондо же аймакта илдет менен жабыркагандар катталды десе ишенесиң да, анан иликтене келгенде оору жок болуп калган учурлар кездешти. Бир четинен туура эмес маалымат тараткандарга жиниң келсе, кайра бир четинен оорунун катталбаганына кубанат экенсиң. Ал эми азыркы учурда кайсыл маалымат жалган, кайсыл маалымат туура экенин жакшы айырмалай алам. »

Кээ бир айыл тургундары социалдык тармактарда ишеничтүү булактарга жана ЖМКларга катталып, алардын гана маалыматын окуй тургандыгын да белгилешти.

Медиа эксперт Элира Турдубаева

Медиа эксперт Элира Турдубаева маалыматты алгандан кийин аны 3-4 булактан текшерүү керек экендигин жана адистерден, журналисттерден да тактаса боло тургандыгын сунуштайт:

«Интернеттин кеңири жайылышы менен фейк(жалган) маалыматтар көбөйүп кетти. Элдер маалыматтарды ар кандай булактардан, социалдык тармактардан алууда. Маалыматтардын чын же жалган экенин текшерүү абдан кыйын, азыркы учурда дасыккан адистер дагы толук өздөштүрө элек. Менин биринчи сунушум, бир эле маалыматты 3-4 булактан текшериңиз. Эгер сиз маалыматты соц тармактардан алсаңыз, сөзсүз ал маалыматты, массалык маалымат каражаттарынан дагы караңыз. Экинчиден, маалыматтын туура же жалган экенин билүү үчүн адистерге, журналисттерге, эксперттерге кайрылуу керек. Ошондой эле мекемеде иштеген өкүлдөргө, мамлекет кызматкерлерине кайрылуу сунушталат.

Жалпы карапайым калктын медиа сабаттуулугун жогорулатуу үчүн, биринчи окутууларды, тренингдерди, семинарларды, мастер класстарды тынбай өткөрүп туруу зарыл. Анткени бүгүнкү чыккан технология эртеңки күнү эле эскирип, анын ордуна жаңысы чыгып кетип жатат. Мектептерге медиа сабаттуулук сабагын киргизүү керек. Мугалимдерге бул сабакты кантип өткөрүш керектигин үйрөтүү зарыл. Бир гана мектептерде эмес, жогорку окуу жайларга, мекемелерде иштеген, керек болсо мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлерге, доктурларга, мугалимдерге, жеке менчик жерлерде иштегендерге, дегеле бардык-бардык адамдарды окутуу керек. Бир эле окутуп тим болбостон, тынбай-тынбай окутууларды жүргүзүү зарыл. Медиа сабаттуулук тууралуу элдин аң-сезимин ойготуу үчүн атайын видео-роликтерди, социалдык рекламаларды тартып, телеканалдарга, радиолорго таркатуу керек. Алдын- ала адамдарга түшүндүрүү туура болот. Болбосо адамдар жалган маалыматтардын тузагына түшүп калуусу толук ыктымал.»

Медиа сабаттуулук бул интернет аркылуу алынган маалыматтарды сын көз караш менен карап, жалган же чын экендигин аныктай билүү. Учурдагы абалга байланыштуу, ар бир адам телефонуна келген бардык маалыматка ишенип, аларды башкалар менен бөлүшүүгө шашпоосу керек.

 

Перизат Таштанова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь