Карантин учурунда эмгектенген медкызматкерлерге бейтаптар ыраазы

27 Август 2020 жыл 20:59
Количество просмотров: 44

Ноокат районунун Кулатов айылынын COVID-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып  дарыланууга көрсөтмөлөрдү алышып жатышты. Оорунун жеңил түрүнө кабылгандар  күндүзгү стационарга келип дарыланып жатышты.Алардын бири Маматкурбан Миңбаев ооруга кабылганда кандай медициналык тейлөөгө кабыл болгонун айтып берди:

 

Кулатов айыл аймагынын тургуну Миңбаев Маматкурбан Жалалович маалымат берип жаткан учуру

Башталышы грипп сыяктуу болду

— Башында кадимки грипп сыяктуу тамагым ооруп, оозумда даам сезүүм жоголду жана жыт сезүүм начарлады. Андан соң бир нече күндөн соң дене табым көтөрүлүп, ооруканага кайрылууга мажбур болдум. Өзүбүздүн Жал айылдык ооруканага барып, үй- бүлөлүк дарыгер Тургунали кызы Перизатка кайрылып, тиешелүү дары- дармектерди жаздырып бир нече күн күндүзү келип кетүүчү стационарда даарыландым.

Күндүзгү стационардан жакшы боло албай койдум…

—  Кызыл-Кыя шаарындагы шаардык ооруканага  рентген аппаратына түшүү үчүн жолдомо беришти.  Рентген аппаратында  эки тараптуу пневмония деп диагноз коюшту. Беш күн барып келип укол дарыларымды стационардан алып жаттым. Дене табым түшпөгөндүгүнө байланыштуу Ноокат райондук атайын пандемия учурундагы оорулууларды дарылоочу бөлүмүнө жаткырышты. Ал жерде үч күндөн соң дене табым түшүп өзүмдү жакшы сезе баштадым.

Медкызматкерлер тынымсыз иштеп, жаныбыздан чыккан жок…

— Дары- дармектер акысыз берилип жатты. Кээ бир ооруканада жокторун гана сатып алып жаттым. Оорукананын шарттары оорулуулар үчүн түзүлгөн, санитардык гигиеналык талаптарга жооп берет. Дарыгерлердин оорулууларга кылган мамилелери өтө жакшы. Мен аябай ыраазы болдум, себеби саат сайын дене табабызды текшерип абалыбыздан кабар алып, медайымдар жаныбыздан чыккан жок. Биз палатада төрт киши жаттык. Кудайга шүгүр, баарыбыз аман- эсен ооруну жеңип үйлөрүбүзгө чыгып кеттик.

Элге кайрылуум…

— Мен айылдаштарыма, жалпы кыргыз элиме кайрылар элем  бул вирусту жуктуруп алуудан сак болуңуздар, үйдөн зарыл болбосо чыкпаңыздар. Жакындарыңыздарды да айтыңыздар. Ооруп калсаңыздар дароо дарыгерге кайрылыңыздар. Билип билбей дары- дармек пайдаланып, абалы начарлап кетүүдөн сак болуңуздар демекчимин. Азыркы учурда абалым жакшы мурунку калыбыма келип үй -бүлөм менен биргемин.

Аймактардагы айыл тургундары оору күч алганда кандай абалда болушту?

 

Таңнуру  Жалалова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь