Биринчи класстын окуучулары «фильтрден» өтүп окушту

2 Сентябрь 2020 жыл 7:21
Количество просмотров: 49

Пандемияга байланыштуу быйыл мектеп босогосун 1-класстар гана аттады. Жаңы окууга барып баштаган бѳбѳктѳрдү окутуу үчүн министрлик тарабынан бир нече санитардык-гигиеналык шарттар коюлган эле. Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 1-класстар бир нече “фильтрден” ѳтүп, сабактарын окуп башташты.

Ата-энелерге мектепке киргенге уруксат берилген жок

Аталган мектептин директору Руслан Абдылдаевдин айтымында мектепке 2020-2021- окуу жылына 75 окуучу кабыл алынган:

Мектеп директору Руслан Абдылдаев

«Азыр биздин мектепте министрликтин буйругуна ылайык ийкемдүү расписание түзүлүп, орус классыбыз эки смена менен, ал эми эки кыргыз классыбыз 40 минутадан кадимкидей сабак ѳтүп жатышат. Бул балдардын санына байланыштуу болду.
Бизге санитардык кѳрсѳтмѳ берилген, ошого ылайык окуучуларды мектепке киргизип жатабыз. Окуучу ата-энеси менен сабак башталганга чейин 20 мүнѳт мурун келет, бирок мектептин ичине киришпейт, себеби окуучулар бир нече “фильтрдан” ѳтүшѳт. Эң биринчи окуучулар кезек менен аралыкты сактап, кире бериштен колун жуушат, андан кийин температуралары текшерилип, антисептик менен колдорун тазалашат.

Окуучулар киргенде эле колдорун самындап жууп киришти

 

 

Андан кийин медайым температурасын текшерип, колдоруна антисептик сээп берип турду

 

Окуучулар 1,5-2 метр аралыкты сактап, класстарына киргизилди

Класска баргандан кийин ар бир окуучу бири-биринен 2 метр аралыкта отуруп окууга шарт түзүлдү. Андан тышкары, 1- класстарга сабак берген мугалимдердин бардыгы ПЦР анализдери текшерилип, 14 күн мурун ѳзүнѳн жана бир туугандарынан эч ким ооруган эмес деген ФАПтын справкаларын алып келип тапшырып, сабак берүүгѳ укук алышкан. Башка бир дагы мугалим класска кире албайт.

Бул класстын окуучулары 30 бала болгондуктан, мугалим балдарды бөлүп эки сменада окутат.

Мектептин ашканасында дагы ѳзүнчѳ талаптар коюлган. Ар бир бала ѳзүнчѳ столго же болбосо зигзак түрүндѳ отургузулуп, ашпозчулар дагы текшерүүдѳн ѳтүшкѳн.
Ал эми калган 2-11- класстарга онлайн окутуу жүрүп жатат. Пландары бекитилип, мектепке ылайык ийкемдүү график менен иштеп жатабыз».

Асель Уркунбаева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь