Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Т. Айбашев атындагы орто мектебинин башталгыч класс окуучулары үчүн «Мерсико уюму Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбоору тарабынан колдоого алынып, жайкы окуу лагери уюштурулду. Жалпы 64 окуучу онлайн лагерге тартылды.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Алтынай Камчиева лагерде балдар үчүн кызыктуу иш-чаралар болуп жатты:
— Каникул учурунда 1-класс жана 4-класстын окуучулары үчүн жайкы онлайн окуу лагерин «Мерсико уюму Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбоору тарабынан уюштурулду. Окуучулар үч тайпага бөлүнүп, үч мугалим балдар менен иштеди. Ар бир тайпада 20, 21, 23 окуучудан катышышты. Лагердин жүрүшүндө карантинге байланыштуу балдар менен аралыктан байланыштык. Балдарга ата-энелери да жардам беришти. Балдарга смартфондор аркылуу видео сабактар, аудио уктуруулар, көңүл ачуучу ыр бийлер, кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүү үчүн сүрөт тартуу, кагаздан түрдүү нерселерди жасоо үчүн кыскача сабактар көрсөтүлүп, угузулуп турду. Ошол эле учурда балдардан кайтарым байланыш алууга да жетиштик. Ата-энелер тарабынан ыраазычылык айткан учурлар болду. Жайкы лагерь ар бир тайпага 5 күндөн болду.
Аяна Калилова 3- класстыг окуучусу. Анын апасы Гульзат Үркүнова онлайн лагерь балдарга пайдалуу болду дейт:
-Карантин учурунда балдарыбыз сыртка чыкпай традициялык лагерлерге барбай, үйлөрүндө жөн гана калбастан ушул уюштурулган онлайн окуу лагери балдарым үчүн өтө пайдалуу болду. Менин үч балам катышты. Бардыгы үчүн кызыктуу болду. Себеби, түрдүү видео сабактар аркылуу жөнөтүлгөн жомокторду угуп, мугалимдердин берген суроолоруна жооп издеп, сүрөт тартып, түшүнгөндөрүн айтып берип жатышты. Түрдүү ырларды жатташып, мугалимдерине кайтарым байланышка чыгып жатышты. Активдүү катышкан окуучулар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту. Мен карантин учурунда да балдарга онлайн окуу лагерин уюштурган мектеп жамаатына жана ушул долбоорго терең ыраазычылыгымды билдирем.
Карантин балдардын кызыккан жумуштарын жасоого мүмкүнчүлүк жаратты
Таңнуру Жалалова