Кеңеш айыл аймагында коронавирус жуктурган 8 учур катталды

28 Сентябрь 2020 жыл 22:42
Количество просмотров: 56

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында коронавирус жуктурган 8 учур катталды.

Ушуну менен Кеңеш айыл аймагында пандемия башталгандан бери инфекцияны жуктуруп алгандардын жалпы саны 90дон ашты. Алардын ичинен 10 адам каза болду.

Азыркы учурда №9 ҮДТда бардык керектөөчү дары- дармектер, аппараттар жетиштүү.

№9 үй-бүлѳлүк даарыгерлер тобунун башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызы: «Азыркы учурда грипп да көбөйүүдө. Грипп менен коронавирустун симптомдору окшош эле бирок вируста диарея, аппетиттин начарлоосу, алсыздык бир канча күнгө чейин созулат», — деп билдирди.

№9 ҮДТнын башкы дарыгери Ыкыбал Абдыкалык кызы

Башкы дарыгер айылдагы ФАПтарга жергиликтүү тургундар тарабынан ар кандай жардамдар дагы деле көрсөтүлүп жатканын, коронавирус илдети биротоло жок болуп кете элек экенин кошумчалап, айыл тургундарын гигиенаны сактоого чакырды.

 

Аймончок Кожонова 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


Календарь

Календарь